Айсулуу башында көп жолу колдонуучу гигиеналык жаздыкчаларды өзү, жакындары, достору үчүн гана тигип көргөн. Кийинчерээк "Инстаграмдан" сата баштаганда аялдардын арасында эко-жаздыкчаларга суроо талап көп экенин байкаган.
Ал ошондой эле, тиккен товарын көбүнчө өлкө ичине гана сатарын айтты. Анткен менен АКШ жана Орусияга чейин алып кеткендер да бар.
“Көбүнчө Кыргызстандын ичиндегилер алып жатат. Кечээ Баткенге жибердим. Баардык эле облустардан буюртмалар түшүп турат. Бишкектиктер көп алышат. АКШга, Орусияга алып кетип жатышат. Биздин негизги кардарлар синтетикалык прокладкаларга аллергиясы барлар. Андан сырткары экология үчүн кайдыгер эместер, желим буюмдардан баш тарткандар, вегандар алышат. Андан башка чүпүрөктү колдонуп көнгөн адамдарга, апаларга алышат.”
Эки уулдун энеси Айсулуу Борбуева 32 жашта. Ал чакан бизнеси былтыр декреттик өргүүдө отурганда, муктаждыктан улам жаралганына токтолду:
“Негизи декретке чыкканда коомго пайдалуу иш кылсамбы деп ойлонуп жаткам. Анан элге да, жаратылышка да пайдалуу ушул жумушту таап алдым окшойт. Жолдошум да мени аябай колдоп, жардам берет. Атам болсо чогуу иштешет. Идея былтыр күзүндө кош бойлуу кезимде келген. Курсактагы бала чоңойгон сайын табарсыкка күч келет экен, ошол себептен көп аялдар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же дагы бир күч келтиргенде ыңгайсыз абалга туш келишет. Кадимки прокладка колдоноюн десем аларга аллергиям бар. Ысыкта ал тердедет. Аба өткөрбөйт. Мен банкта иштейм. Төрөт үчүн берилген каражатка кездеме, тигүү машинасын жана керектүү нерселерди сатып алып тиге баштадым. Ноябрда баштагандан бери үч миңге жакын даана жаздыкча сатыптырбыз. Эгер ошол аялдар бизден сатып албаганда анда болжол менен 45 миңдей кадимки синтетикалык прокладка колдонмок экен да. Ошондо 45 миңдей желим таштандынын чыгышына бөгөт койдук деп ойлойм.”
Айсулуу чакан өндүрүшүн ата-энесинин үйүндө жүргүзөт. Тигүү иштерине тууганы Элзира, сатууда сиңдиси Карлыгач көмөктөшөт. Апасы Роза балдарын каралашат. Бычуу, даярдоо иштерин атасы Жапар Борбуев өз моюнуна алган. Ал желим буюмдардын, айрыкча арзан баадагы наристелер үчүн желим жалаяктар менен аялдардын гигиеналык баштыкчаларынан соңку жылдары экология болуп көрбөгөндөй зыян тартканын коом аңдабай жатканына кейийт.
“Алдыда бизди экологиялык катастрофа күтүп турат. Дүйнөдө 8,5 миллиард киши жашайт деп койсок, алардын жарымы аялзаты. Алардын жарымы желим прокладка пайдаланса, ошондо күнүнө 2 млрд. прокладка колдонулса канча деген таштанды чыгат. Ага балдардын желим жалаяктарын кошкондо канча таштанды кошулаарын элестетүү кыйын. Алар кайра иштетилбейт. Өрттөп салган чакта да абаны булгайт. Мен муну өтө олуттуу, эң биринчи маселе деп эсептейм. Адам менен адамдын ортосундагы акыйкатсыздык үчүн күрөшүүнүн зарылчылыгы бар, бирок табият менен адамдын ортосундагы акыйкатсыздык үчүн дагы сөзсүз күрөш болушу керек, мен аны дайыма жогору коём”.
Деген менен Айсулууну аялдардын саламаттыгы көбүрөөк ойлондурат. Ал эко-жаздыкчаларга атайын сертификат алуу менен эле токтоп калбай, учурда аларды Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын атайын сыноосунан да өткөрүүдө.
“Мамлекеттик сертификат КМС алганбыз. Жакында Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясына продукциябызды апробацияга бердик. Алар канча бир аялга тестирлөө жана сыноолорду жүргүзүп анан расмий сунуштама жазып беришет экен. Мен бул эко-жаздыкчыларды массалык түрдө тиге баштаганга чейин бул багытта көп изилдөөлөрдү окуп чыктым. Кадимки прокладкалардын курамында SAP (Super Absorbent Polymer) өтө күчтүү абсорбент полимери, желим жана полиэтилен бар. Бул ачылыш деле эмес. Кыз-келиндер колдонуп жаткан бир жолу колдонуучу кадимки прокладкалардын баарынын эле таңгагында бул жазылып турат. Ал жаздыкчалардын сырткы катмарында түрдүү химиялык ароматизаторлор, боёктор бар. Ортоңку бөлүгүндө болсо хлор менен агартылган целлюлоза жана SAP аралашмасы бар. Бул аралашма суюктук тийгенде гелге айланып, да аба өткөрбөгөн катмарды түзөт. Биз чыгарып жаткан жаздыкчаларды пахтадан жасалган кездемелерден тигебиз. Ал Түркияда өндүрүлгөн. Андан сырткары фланель катмарынан жана суюктукту өткөрбөөчү кездемеден турат. Башка эч кандай химиялык же дагы башка желим же полимер кошулбайт.”
Айсулуу Борбуева келечекте бул ишти чоңойтуу боюнча пландары бар экенин жашырбайт. Бул багытта ал эл аралык жана жергиликтүү уюмдар менен иштешип жатат. Айсулуу She starts деген долбоордун алкагында "Инстаграм" сыяктуу соцтармактарда товар сатууну үйрөнгөн. Ошондой эле ментор айымдарды бөлүп берип ишкерлик боюнча тажрыйба алган. Андан сырткары БУУ уюштурган көргөзмөгө катышып, инвесторлордун сынагынан да өткөн.
"Азыр ошого даярданып жатабыз. Эгер инвесторлордун алдында презентацияны ийгиликтүү көрсөтүп алсак, балким кандайдыр бир каражатка ээ болуп калабыз. Анда биз аялдар үчүн жаздыкчалардан сырткары наристелер көп колдоно турган эко-жалаяктарды чыгара баштайбыз", - деди Борбуева.
Айсулуу өндүрүп жаткан жаздыкчалары синтетикалык же желим буюмдарга аллергиясы барлар, заарасын кармай албагандар, гинекологиялык жактан дарыланып жаткандар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалады. Ошондой эле, төрөтү оор болгондор, операциядан чыккан аялдар дагы колдонуп жатканын билдирди. Ал эко-жаздыкчалар күн санап жайылып, маселеси көмүскөдө калган аялдардын муктаждыгы акырындап жоюлуп жатканына ыраазы.