Бүгүн, 2-майда Кыргызстанда мусулмандардын Орозо айт майрамы белгиленип жатат. Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта окулду. Ага болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты. Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту.
Эки жылдык чектөөдөн кийин аянтта окулган Айт намазы
Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду.

1
Бишкекте Айт намаз таңкы саат 07:30да башталды.

2

3
Ислам дининдеги бир айлык ыйык Орозо айын жыйынтыктаган Айт майрамы 2-майга туш келди. Бул күн дүйнөнүн миллиондогон мусулмандары үчүн чоң майрам саналат.

4
Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да Айт намазга келди.
“Коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп калат. Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин. Себеби, биздин ата-бабаларыбыздан калган макалдардын, накыл кептердин ислам баалуулуктары менен төп келерин ошол эле аалымдар, ошол эле илимпоздор айтып келатышат”,-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

5
Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.

6
Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окула баштаган эле.

7
Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жаткан милиция кызматкерлери.

8

9

10

11

12

13

14
Аянттан тышкары, жарандар Бишкектеги чоң мечиттерге, башка шаар-кыштактардагы мечиттерге намазга барышты.

15
Жалал-Абад шаарындагы Айт намаз.

16
Жалал-Абад шаары.

17
Бишкек шаары.