Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Египет бийлиги АКШнын реформа жүргүзүү тууралуу чакырыгын сындады


Тахрир аянтындагы демонстрациялар 17 күндөн бери уланып келатат. 10-феврал, 2011-жыл.
Тахрир аянтындагы демонстрациялар 17 күндөн бери уланып келатат. 10-феврал, 2011-жыл.

Египет оппозициясы жума күнү ири демонстрация өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Ал эми Кошмо Штаттары саясий реформа жүргүзүү керектигин айтып, Египет өкмөтүнө кысымын күчөттү. Ак Үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс билдиргенине караганда, Вашингтон бийликти өткөрүп берүү боюнча конкреттүү кадамдарды күтүүдө. Дээрлик 20 күндөн бери уланып келаткан демонстрацияларга карабай, 82 жаштагы президент Хосни Мубарак кызматынан дароо кеткиси жок.

Өкмөттүн эскертүүлөрүнө карабай Египеттин (Мысырдын) булуң-бурчунда нааразылык демонстрациялар уланууда.

Баш калаа Каирде демонстранттар Тахрир аянтынан тышкары парламенттин алдына жайгашышты.

Вице-президент Омар Сулейман тартип орнотуу үчүн керек болсо аскерлер тартылат, нааразылык чаралары токтобой, оппозиция менен сүйлөшүүлөр майнапсыз жыйынтыкталса, аскерий төңкөрүш болушу мүмкүн деп эскертти. "Андай абалда ар кандай күтүлбөгөн иштер болуп кетиши ыктымал", - деп кошумчалады Сулейман.

Ага жооп кайтарып, оппозиция жума күнү мындан да көп эл чогултууга белсенип жатат. Тахрир аянтындагы митингчилер арасында болсо мамлекеттик сыналгы компаниянын кеңсесин көзөмөлгө алуу, атүгүл Мубарактын катуу кайтарылган сарайына карай жүрүш жасоо жөнүндө кептер айтыла баштады.

Ал аралыкта АКШ президенти Барак Обама Сауд Арабиянын падышасы Абдулла менен телефондон сүйлөшүп, дагы бир жолу Египеттеги кырдаалды талкуулады.

Президент администрациясы тараткан маалыматка ылайык, Обама бийликти “мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү түрдө” өткөрүп берүү үчүн Каирде кечиктирилгис кадам жасалыш керек деп баса белгиледи.

Ал эми Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абу Гейт америкалык сыналгы каналга берген интервьюсунда Вашингтондун чечкиндүү реформаларды ишке ашыруу чакырыктары өлкөдөгү стабилдүүлүккө салым кошпойт деп айтты.

Анын алдында АКШнын вице-президенти Жо Байден Омар Сулейман менен сүйлөшүүсүндө бир нече жыл илгери киргизилген чукул кырдаалдар жөнүндөгү мыйзамды алып салууга, журналисттерди, демонстранттарды куугунтуктап, сабоолорду токтотууга үндөгөн.

- АКШ менен дайыма мыкты, дос мамиледе болуп келген Египеттей улуу өлкөгө өз оюңарды таңуулап жатасыңар. Египет жана президенти өзгөрүүлөрдү башташкан. Президент Мубарак жол картасын аныктап, вице-президентке оппозициялык топтор менен ошол планды талкуулоо тапшырмасын берди. Жол картасы алга жылып атат, - деди Гейт.
Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абу Гейт


АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Бен Родес Вашингтон эч кимге акыл үйрөткөн жок, бүгүнкү окуялар жөн гана тополоң бойдон калбастан, Египет үчүн ири мүмкүнчүлүктөрдүн учуруна айланышы керек деген турумду ээлейт деди:


- Соңку күндөрү бир катар кадамдар жасалып жатканына күбө болдук. Эки жума мурункудан кырдаал өзгөрдү. Бул, албетте, маанилүү. Ошол эле мезгилде андай чаралар Египетти андан ары демократиялаштыруу жараяны үчүн жетиштүү эмес.

82деги Хосни Мубарак болсо сентябрдагы шайлоого катышпай турганын айтып, азыр кызматынан дароо кетсе, өлкөдө баш аламандык өкүм сүрөт деп билдирген.

Ал эми Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөрдүн лидерлери Египетте ыңкылаптын жемишин радикал исламчылар көрүп, алардын өкүлдөрү Каирдеги бийликке келет ко деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG