Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Анкара менен Москванын аскердик тиреши


Анкара менен Москванын аскердик тиреши
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:54 0:00

Сирия армиясы Орусиянын көмөгү менен Идлибге урган аба соккулардан түркиялык 33 жоокер набыт кеткенден кийин түрк армиясы өч алуу операциясын баштады. Соңку окуялардан улам Анкара менен Дамасктын өнөктөшү Москванын ортосундагы чыңалуу кучөдү.

Кичи ажылыкка бараткан Тажикстандын жарандары жарым жолдон кайтарылды. Анын алдында Сауд Арабия коронавирус коркунучунан улам чет өлкөлүк зыяратчыларга эшигин убактылуу жапкан. Кытайдан тараган илдетке чалдыккан бейтаптар 50дөн ашуун өлкөдө катталды. Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан бийлигин журналист Хадижа Исмаиловага кенемте төлөөгө милдеттендирди. 2015-жылы жети жарым жылга түрмөгө кесилген журналист жана укук коргоочулар ал иштерди жок жерден ойлоп табылган деп сыпатташат.
XS
SM
MD
LG