Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

"Донна Анна" - согушта соолуган жаштык


Курман болгон советтик жоокердин эстелиги. Авдеевка, Украина.
Курман болгон советтик жоокердин эстелиги. Авдеевка, Украина.

Белгилүү жазуучу Владимир Тендряковдун “Донна Анна” аңгемесинде 1942-жылы жайында чыгышка чегинип бараткан советтик аскерлердин оор абалы сүрөттөлгөн. Чыгарма автордун көзү өткөндөн кийин бааланып, өкүмзор бийлик тушунда сейрек болсо да чындыкты айткан жазуучулар жашаганы ырасталды.

Көрсөтмөлүү жаза

Өмүр менен өлүм аралашып, экөөнүн тең баркы билинбей кеткен жерде адамдык ариетти сакташ өтө кыйын, мүмкүн да эмес.

Владимир Тендряков сүрөттөгөн мезгил совет өлкөсүнүн өзгөчө оор абалга кептелип, Москва чабуулу оңунан чыкпай калгандан кийин немистик фашисттер СССРдин түштүгүн ээлеп Кавказдын кар амайы менен Эдил (Волга) дарыясына чыгып, эңгезер коммунисттик империянын чыгыш менен байланышын үзүп коюу аракетине киришип, өжөрлөнүп алдыга жылып бараткан оор учуру эле.

Жамгырдай жааган ок алдында чабуулга көтөрүлүп, жулунуп чыгышка умтулган душмандын кандай да болсо чабуулунун мизин кайтарып, алсыратуу максаты турган. Совет аскери үчүн күн сайын боо түшүп кырылган жоокерлерден калганы бир кадам артка чегинбей, ээлеген позициясын бекем кармап турушу керек болчу.

Лейтенант Мохнатовдун бешинчи ротасы канаттуулар фабрикасынын алдындагы жерди ээлеп, окоп казышып, коргонуу тилкесин түзүшкөн. Снаряддар жарылып, траншейден баш көтөргөндү душмандын снайпери мээлеп атып, жаатташкан эки тарап бирин-бири аябай, киши каны суудай төгүлүп турган кез.

Душмандын замбирегине туш келбештин амалында ок-дары, адам ташыган машиналар түнкүсүн маңдайкы жарыгын өчүрүп, жолду тушмалдап жүрүп калышкан. Андай машиналар жалаң эле ок-дары ташыбай түн жамынып ысык тамак алып келчү. Ошондой учурлардын биринде катардагы аскерден баштап командирлерге чейин жыйнашты, ийри-буйру казылган чуңкурлардан төмөнүрөөк жакка үстү чүмкөмө машина токтоп, андан таза кийимчен тылда кызмат өтөгөн жоокерлер секирип түштү. Окопто чаң менен терге чыланып, такай уйкудан калган жүдөө жоокерлерден айырмаланып тылда калгандар тыкчыйып тың жүрүшчү.

“Алар ыкчам кыймылдап кейпинен кетип калган шөлбүрөгөн бирөөнү машинадан түшүрүштү – гимнастеркасы топчуланбай, батинкесинин боосу жок солдат кейпиндеги бирөө.

Бул эрмек таппаган иттен жабыркаган жарым жан бөдөнөдөй бүрүшүп турган солдат “көрсөтмө” үчүн ортого чыгарылган эле. Токтогон машинеден он кадамдай араакта борпоң топурагы буралган чуңкур, уставда көрсөтүлбөгөн акыркы жай – көрүстөн даярдалган.

Кол алдындагы жоокерлериндей курсагы ток, дыгдыйган командир ичин бекем курчаган кайыш курун кармалап акырын буйрук бере баштады, кырдуу шапкечен жоокерлер көнүмүш ишине киришти... Бөдөнөдөй бүрүшкөн адам көрүстөн четине тургузулду, шымы жок жука ыштаны, жакасы ачык көйнөгү менен титиреп турду. Ыкчам кыймылдаган жоокерлер анын маңдайына катар тизилип далысында сороюп турган мылтыктарын алып, кундагын бутуна коюп даярданып калышты.

Ага улай командир кийимчен толук, ыңгырана баскан, жөн-жай турмуш кечирип кезиндеги жай калыбынан жазбаган киши алдыга чыкты. Ал бүктөлгөн кагаз алып чыгып, жарданып карап тургандарга бурулуп кечки иңирде жазылгандарды окуп берүүгө камданды...

Анын кагазын окуй электе буйрукта эмне деп жазылганын, эмне болорун баарыбыз билчүбүз. Бир буту көрдө турган мобу бечара Иван Кислов экенин, биздин чарбалык унаа ротасынын тамак ташыгычы экени көпчүлүккө дайын болчу. Ашканада этти балталап жатып оң колунун сөөмөйүн чаап алганын көргөнбүз.

Бул эми эрте жазда болгон, бизди жаңыдан түзүп жаткандагы окуя. Азыр болсо жай саратаны, биздин полк кенен талаанын ортосунда коргонууда турганбыз. Тиреш башталган эки күндө согуш көрбөгөн жаңы аскерлердин теңин жоготуп, Донго жетем деп жулунган немистердин жолун тосконбуз. Кыязы, токтоттук окшойт...

Анан минтип артыбыздан көрсөтмө катары мобул Кисловду алып келип атышпайбы... Көрсөтмө үчүн...

- Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун атынан аскер трибуналы!..”

Көз алдында болуп жаткан окуяга кайдыгер карап турган байланышчы аскер Тенков бул күнү жандай көргөн досу Слава Колтуновдон ажырап, жаркылдаган бала кыял Сафа Шакировду санбатка жөнөткөн. Слава Колтуновдун сөөгү майдан талаасында көмүлбөй ачык калды, Сафанын ичине ок тийиптир, анын да аман калар-калбасы күмөн. Кан майданда адамдын өлгөнү, аны минтип эл алдына алып чыгып атып салышканы же чабуулда баратып окко учканы - баарына көнгөн жоокерлер үчүн көнүмүш. Чабуулга көтөрүлбөй же кысып кирип келген душмандын чабуулуна туруштук бере албай артка качышса “заградотряддын” огуна кабылат. Ошон үчүн байланышчынын:“Өлүмдү бир жуманын ичинде өтө эле көп көрдүм. Көз алдымда мылтыкчан беш жоокер жагжайып көкүрөгү ачык, куралсыз алтынчы бирөөнү көрсөтмө үчүн өлтүрүшөрү мени толгонтпойт”, - деп отурушу согуштун айныксыз көрүнүштөрүнүн бири гана.

Чогуу тургандардын көбү “көрсөтмө” окуяга нааразы экенин бири-бирине шыбырап айтышып, кайдыгер карап турушту. Бул иш аягына чыкса баары өз милдеттерине киришмек. Байланышчы: “- "Акация"! "Акация"!.. Мен - "Эмен"!.. "Кызыл карагай"! "Кызыл карагай"!.. "Кожогат"!.. "Пихта"! "Пихта"!.. Уктап калдыңбы, дөңгөч?.. Мен - "Эмен". Текшерүү!” – деп кыйкырып отурмак.

Поэзия

Ушу тапта топурак жыттанган окоптун бооруна жөлөнүп, автоматты бекем кучактап аз да болсо уктап алган жыргал. Кан майданга келгенден бери ашып барса эки-үч саат гана чырм этип алганы болбосо бутту кенен сунуп узак уктай элек. Анан да бул жерде кыска чырм этип алчу убактарда бир да жолу түш көрбөдү.

Айылдагы үйүн, шүүдүрүм кечип талаада басып жүргөндү, үй ичинде тактай жылуулугун таманы менен сезип ары-бери басканды, уйга чөп салганды, отун жарганды – баарын сагынды. Бир ирет “Акация!”, “Акация!” деп өңгөчүнө күч келтиргендин ордуна трубканы кулагына такап, жарыктын кызы - донна Аннаны жатка айтып ийсе арытан угуп калган уйку-соо кенже лейтенант:

“Сиз, сиз, сиз Блокту жакшы көрөсүзбү?” деп атпайбы, көздөрү жайнайт.

“Мага Блок жакчу, биртоп ырларын жатка билчүмүн, Есениндин биртоп ырларын шыдыр айтчумун, Маяковскийди жакшы көрчүмүн, Григорий Мелехов менен Щукар чоң атанын жоруктарына жыргап, Д’Артаняндын достору менен жасагандарын, Шерлок Холмстун жоруктарын билчүмүн. Кенже лейтенант айрымдарды, мисалы Есенинди жининдей жек көрчү.

- Өзүмчүл! Бүжүрөк! Ачкыл сууга жакын неме! Революция болуп жатса наалып отурат! – дечү.

Ошол эле кезде ал Блокту, Дюманы, анан Конан Дойлды мактачу. Кино дегенде жантыгынан жата калчу, комедияны жактырбай, революциялык, анан да аскердик кинолорду мактачу. “Биз Кронштадтанбыз” фильминдеги моряктардын атылганын көргөндө кабагы чытылчу. Мага ыктай, толкундана түшүп:

-Душмандын көз алдында, аларды шылдыңдап туруп атылып кетсең арман жок, - дечү. Мындайда чап жаагы диртилдей түшүп, жука эриндери кымтылып, толкундай түшчү.

Мен болсо киного анча деле кызыкчу эмесмин, аскердик фильмдерге кайдыгер элем. Мунусу аз келгенсип, душмандын көз алдында ага жек көрүү менен карап, кудум кинодогудай болуп көккө тигилип, эсте каларлык болуп өлүүнү да каалачу эмесмин. Анымды эч кимге айтпадым, кыязы, уялган болуум керек.

“Жарык кыз” Кайдасың донна Анна?”..”

Кан майданда кээде бош убакыт болуп жай сөзгө киришкенде жоокерлер аялдар менен тамакты көбүрөөк кеп кылышчу. Кенже лейтенант Гальчевский андайда апасын сагынганын алдыга жайчу.

Эки согушка катышкан атасы бир аз мурдараак курман болуп, бул дүйнөдө анын жападан-жалгыз жакын адамы – апасы гана калыптыр. Кенже сержант менен кенже лейтенант экөөнүн ортосунда жаралган жакын мамиле адабият, апа жөнүндө экөөнүн ою бир жерден чыкканына байланыштуу болду окшойт.

“Мекен чыккынчысы” деп тамак ташыган бир бечараны атып салууну көрсөтмөлүү ишке айлантып салгандардын ишине ичи чыкпаган жоокерлердин арасынан бирөө” “Биздин ишибиз ак, душман жеңилет, жеңиш биздики болот”, деп кыйкырып тим болду. Башкалары унчукпады.

Бир гана Гальчевский “келесоонун тамашасы” деди. Чоң иш жасагандай мылтыктарын шарак эттире артына асынып тиги аскерлер машинесине түшүп жөнөй беришти, кыйылган өмүрдүн сөөгүн жашыруу милдети окопто жаткандарга калды.

Ушул окуядан аз өтпөй байланышчы кенже лейтенант Тенковду башка ротага которушту. Уруш күчөгөн сайын жоокерлердин катары суюлуп, анын ордуна жаңылары келип, байланышчылардын түйшүгү көбөйдү. Телефон зымынын бир жерине снаряд тийип үзүлүп калат, аны ачык талаада сойлоп барып улаштырып келүү керек.

Согуш талаасындагы өмүр-өлүм аралашып кеткен апаат күндөр уланып жатты. Байланышчы аскер улам артка чегинип, Дон дарыясын кечип өтүшкөнүн, улам азайып кайра толукталып жаткан жоокерлерди, бирин экинчиси аябаган аскер тартибин көрдү. “Бул биздин артка чегинүүбүз болчу. Эдилге (Волгага),

Сталинградга чейинки чегинүү...

"Дондон өткөнүбүз көз алдымда: жээкте күйүп аткан автомашиналар, колдо карышкан кундактар, оозу ачылган сөөктөр, сөгүнүп, онтоп аткан жарадарлар, атыштар, сууда калкыган адамдардын сөөктөрү, ошол эле учурда бир да бирөөнүн көңүлүн бурбай замбилде унчукпай жаткан жарадарлар, онтобой, кыйкырбай, тишин кычыратып, оорусун билдирбей созулган жарадарлар. Адам жарадар кезинде онтобой, кыйкырбай коё алат экен, бирок жаныбарлардын онтогонун, кишенегенин чыдап угуш кыйын.”

Аскеринен ажырап жалгыз калган командир, эсин жоготуп, дырдай жылаңач чуркаган бирөө – баарысы аралашып кеткен, бул көрүнүштү сүрөттөө оор, мүмкүн эмес. Адам баарына чыдайт экен, байланышчы кенже сержант Тенков да чыдады. Бир гана гана Ярик Гальчевскийден ажыраганда ичи аябай ачышты, аны күткөн алыстагы апасы ачуу кабарды укканда кантер экен деп ошого ичи сыйрылды.

Анан артка качкан аскерлерди пулеметтун огуна капталтчу “заградотряддын” аёону билбес желдеттери жапырт артка чегинген аскерлердин алдында көктөн жааган ок менен снаряддардан башын калкалап качып баратканын көрдү. Артка чегинген аскерлерди атып токтотуу буйругун ким чыгарды экен, ансыз да душмандан көргүлүктү көрүп өлгөндөн калганы артка чегинип атканда алдын тосконду куралы бар жоокерлер жөн эле кырып саларын мына ушул тескери жарлыкты чыгарган адам неге ойлободу экен?

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG