Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Мага кызмат барбы?


Сын түгүл жазаны да тоотпогон аткаминер тууралуу Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.6.11.
Сын түгүл жазаны да тоотпогон аткаминер тууралуу Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.6.11.

Элеттик азилдерден.

Түштүктүн айрым оодандарына келсеңиз, сиз менен учурашып, анан өз жолуна түшмөкчү болгон киши "сизге менден кандайдыр-бир жардам же көмөк керек болсо, тартынбай айтыңыз" деп чубалжытып көп сүйлөп башыңызды оорутуп отурбастан, жөн гана: "Кызмат барбы?" деп коюшат ("Мага кызмат барбы?" деп да айтышат).

Муну түшүнбөгөн бир аркалык киши түштүк жактагы бир ооданга жетекчи (аким же башкасы) болуп келип калыптыр.

Ага өзүнүн кол алдында иштей турган киши саал-паал баарлашкан соң, "эми кете берейин" дегенчелик кылып:

"Мага кызмат барбы?" деп кайрылса, берки аны жаман көргөн имиш:

"Өзүнүн соп-сонун жумушу турса, жакшылап тааныша элек жетекчисинен башка кызмат ордун омуроолой сураган кызыктай неме экен," - деп.

XS
SM
MD
LG