Анар Расул оглы Рзаев совет доорундагы жазуучулардын алтымышынчы жылдары чыккан атактуу муунунан. Анын элүүдөн ашык китеби ар кыл тилге которулуп, өз күйөрмандарын тапкан. Чыгармаларынын негизинде бир нече даректүү жана көркөм тасмалар тартылган. Кыргызстандагы Азербайжан элчиси Гидаят Оруджев жазуучуга өз баасын минтип берди:
- Түрк дүйнөсүндөгү азыркы учурдагы дүйнөгө белгилүү жазуучулардан. Чоң драматург, киносценарист. Бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн, Кыргызстандын чоң досу. Мыкты публицист дагы. Түрк дүйнөсү жөнүндө абдан көп жазган. “Коркут Ата”, “Мен, сен, ал жана телефон”, “Күн өттү” жана башка көптөгөн кеңири белгилүү чыгармалары бар.
Делегациянын курамында келген азери маданият кызматкерлеринин бири, элдик ырлардын “мугам” жанрынын ырчысы Аюбова Мелай ханумдун айтканына караганда, Анар Рзаевдин сөзгө, адабиятка шыгы ата-энесинен өткөн сыяктуу:
- Анар азербайжан эли үчүн баа жеткис адам. Анын атасы Расул Рзада, апасы Нигяр Рафибейли да акын болгон. Азербайжан эли аларды дайым жандүйнөсүндө сактайт.
Анар Рзаев кезинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ынак досторунан болгонун айтты:
- Чыңгыз Айтматов менен дос элек. Ал мага инисиндей, мен ага агамдай мамиле кылчубуз. Москвада биз депутат элек. Бишкекте, Түркияда, Бакуда бат-бат жолугуп турчубуз. Менин китебиме баш сөз да жазып берген.
Тилекке каршы, Азербайжандын сыймыктуу жазуучусу Анардын чыгармалар жыйнагы Кыргызстанда басылып чыга элек экен. Муну жазуучу өзү дагы тастыктады:
- Мүмкүн айрым бир аңгемелерим чыкса керек, бирок китебим чыккан эмес. Китебим Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда чыккан. Кыргызстанда чыга элек.
Кыргызстан менен Азербайжан тараптын өкүлдөрү Анар Рзаевдин катышуусундагы бул жолугушууну уюштуруу аркылуу Чыңгыз Айтматов сыяктуу таланттары бар эки элдин басаңдап кеткен маданий байланышын чыңдоо, өркүндөтүү максатын көздөптүр. Уюштуруучулар ошондой эле эгемен эки өлкөнүн жазуучуларынын чыгармаларын алмашып чыгаруу жагын да келечекте пландап жатышкан экен.
Ушул долбоордун алкагында Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу жазуучу Мар Байжиев да Бакуга чакырылып жатат. Анар баштаган азербайжандык маданият ишмерлеринин жолугушуусуна катышкан Мар Байжиев эки тараптуу алаканы минтип кубаттады:
- Чыңгыз Төрөкулович сексенге чыкканда булар юбилейин өткөрүптүр. Абдан сонун да. Ошондо айтканбыз, Анарга, ушул элчиге дагы: “Кудай буюрса биз дагы жөн калбайбыз” деп. Мынакей, эми Анар келип отурат. Чындыгында чоң нерсе. Эки элдин достугун, туугандыгын ушу менен дагы бир жолу көрсөтүп койдук да.
Анар Рзаев адабият чөйрөсүндө азыркы доордогу көйгөйдү ачык чагылдырган жазуучу катары таанымал. Ал "Беш кабаттуу үйдүн алтынчы кабаты", "Мен, сен, ал жана телефон", "Мейманкана бөлмөсү", "Дантенин мааракеси" ж.б. биртоп чыгармаларды жазган.