Украинанын Симферопол шаарында автоном аймактын парламентинин имаратынын жанында 26-февралда орус жана крым татар тектүү тургундар кагылышты. Куралчандар тобу 27-февралда Крымдагы парламент имаратын басып алып, ага Орусиянын байрагын такты. Крымды Украинадан Орусияга бөлүп чыгуу чакырыктарына каршы Украинада нааразылык күчөөдө.
Крымда кремлчил жана киевчил топтор кагылышты

1
Симферополдогу тополоң маалы. Крым автоном аймагынын байрагы булгаланып жатат. Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

2
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын тирешүүсү. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

3
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын тирешүүсүнө полиция бөгөт кыла албады. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

4
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын тирешүүсү болду. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын ичинде полициячылар бөгүп жатат. 26.2.2014.

5
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын тирешүүсү маалында крым татарлары расмий Киевди колдошту. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

6
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын өз ара тирешүүсү. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

7
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон тараптын жыйыны. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

8
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптар бири-бири менен кагылышты. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

9
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптардын өз ара тирешүүсү маалында жаракат алган кишиге көмөк көрсөтүлүүдө. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

10
Полиция Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон жана орусиячыл тараптарды арачалоого далаалат кылууда. Симферополдогу Крым парламентинин имаратынын алды. 26.2.2014.

11
Крым парламентинин имаратын орусиячыл куралчандар басып алгандан кийинки кырдаал. Симферопол шаары, Украина. 27.2.2014.