Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Алматыдагы моргдо узун кезек пайда болду


12-июнь, 2020-жыл.
12-июнь, 2020-жыл.

Казакстанда соңку бир канча күндөн бери коронавирус жугузуп алган, бул илдеттен көз жумган адамдардын саны кескин көбөйдү.

Өлкөдөгү ири шаарлардын бири Алматыда COVID-19дан жан берген тууган-уругунун сөөгүн моргдон алып кеткени келгендердин узун кезеги пайда болду.

Ушул тушта социалдык тармактарда Алматыдагы өлүкканадан коронавирустан кайтыш болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн бир канча саат саргарып кезек күткөн, жоон топ адамдар тартылган видеолор тарап жатат. Бул жайдын күзөтчүсүнүн айтымында, моргго түшкөндөрдүн саны бир канча жума мурдагыга караганда азыр эки эсе көбөйдү.

Дарыкананын алдында кезекте тургандар.
Дарыкананын алдында кезекте тургандар.


Алматыдагы дээрлик бардык дарыканалардын алдынан узун кезекти көрүүгө болот. Ооруканалар абалы өтө оор бейтаптарды гана кабыл алып жаткандыктан илдет жугузуп алгандардын көбү үйдөн дарыланып, дары-дармектерди өздөрү сатып алып жатышат:

«Биз жашпыз да. Ошондуктан оорунун жеңил формасы менен ооруп жатабыз го. Мен азыр антибиотик алайын деп турам. Мына, тизмени карасаңыз, бул жерде көп дарылар бар. Жумушта баары ооруп жатат», деди дарыкананын алдында кезек күткөндөрдүн бири.

Шаарда коронавируска тест алчу жайларга кезек күткөндөр да көп. Топтолгондордун айрымдарын жумуш берүүчүсү жөнөткөн, кээ бирлери өздөрү келген. Ошондой эле операция жасатуу үчүн тестке муктаж болгондор да бар. Эгер буга чейин анализдер бир күндөн кийин эле берилсе, азыр болсо кеминде эки күн күтүшөт.

Соңку он күндүн аралыгында Казакстанда коронавирус жугузуп алган, өпкөсү кагынып ооруган адамдар кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, күн сайын пневмония болгон 2,5 миңге чейин учур катталып жатат. Мындай бейтаптардын көбүнөн коронавирус аныкталган эмес.


Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, жарандык активист Кайыргали Конеевдин пикиринде, өпкөсү сезгенип ооруп жаткандарды COVD-19га кабылгандардын тизмесине кошуу керек:

«Пневмония болуп ооруп жаткандардын көбүнөн коронавирус аныкталган эмес. ПЦР анализдерден коронавирус жок деп туура эмес чыгып калышы мүмкүн. Бизде аларды коронавирусту жуктуруп алгандардын катарына кошпой жатышат. Бул туура эмес. Азыр мындан башка кандай инфекция болушу мүмкүн? Мындан башка дагы кандай инфекция пневмонияны козгойт? Албетте бул коронавирус инфекциясынан пайда болуп жатат».

Апта башында казак президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал начар экенин белгилеген. Ал буга байланыштуу бир катар аткаминерлерге сөгүш берген. Жаңы саламаттык сактоо министри Алексей Цой оорунун жайылуусун басаңдатуу үчүн эки аптадан төрт жумага чейин катаал карантин чараларын киргизүүнү сунуштаган:

«Дагы бир жолу белгилеп коёюн, өкмөттүн бул абалдан чыгуу боюнча так көздөгөнү бар. Биз COVID-19га байланыштуу жагдайды жөнгө салуу үчүн чукул арада көрүлө турган чаралардан турган план даярдап жатабыз».

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1600дөн ашык адамдан аныкталды. Алардын катарына вирус жуккан, бирок оорунун белгилери байкалбаган кишилер да кошулду. Өлкөдө илдет жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 миң адамдан ашты. Бул илдет 200дөй бейтаптын өмүрүн жалмады.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 жуктуруп алгандар 10 миллиондон ашып, жарым миллиондон көп бейтап көз жумду. АКШ оорунун очогу бойдон калууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG