Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

03:36 18.5.2020

Бразилия COVID-19 жуктургандардын саны жагынан Италиядан өтүп, дүйнө өлкөлөрүнүн тизмесинде бешинчи сапка чыкты.

Сан-Паулу шаарынын көрүстөнүндө коронавирустан өлгөндөр үчүн казылган жайлар.
Сан-Паулу шаарынын көрүстөнүндө коронавирустан өлгөндөр үчүн казылган жайлар.

Бразилияда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 236 миңден ашты. Жекшембиде эле 2989 киши ооруну жуктуруп алганы билинди.

Күнүгө 800дөй киши каза таап, жарыкчылык менен кош айтышкандардын саны 15 776 адамга жетти.

Эксперттер эскерткендей, ооруну жугузгандардын саны расмий айтылгандан көп болушу мүмкүн. Анкени өлкөдө вируска текшерүү иши солгун жүрүп жатат.

Өлкө президенти Жаир Болсонару коргонуу чараларына каршы болуп, коронавирусту "кенедей сасык тумоо" деп, анын таралышын токтотуу мүмкүн эмес экенин айткан. Аны мындай мамилесин Бразилиянын өзүндө ошондой эле дүйнөдө сындагандар көп.

Бразилиянын 211 миллиондон ашуун калкы бар.

04:56 18.5.2020

Орусия: Вирустун тарашы жайлады, Москвада өлгөндөр көбөйүп жатат

Красноярск крайындагы оорукананын жанынан өтүп бараткан аял, 15-май, 2020
Красноярск крайындагы оорукананын жанынан өтүп бараткан аял, 15-май, 2020

Орусияда эки сутка катары менен коронавируска чалдыккандардын саны 10 миң адамга жеткен жок. Москва облусунун губернатору дүйшөмбүдөн тарта аймакта өндүрүш жайлары менен курулушта иш жанданарын билдирди.

Анткен менен Москвада Covid-19дан көз жумгандардын саны көбөйүп жатат.

Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова Орусияда кырдаал турукташып, оорунун таралышы жайлап калганын билдирип, орусиялыктарга дагы бир топко чейин жаңы шартта жашоого туура келерин эскертти.

Жекшембинин кечинде Москвада Covid-19дан 77 киши каза таап, орус баш калаасында бул илдеттен ажал тапкандардын саны 1580 кишиге жетти. Борбор шаарда коронавирус менен ооруп жаткандардын арасында көз жумгандардын саны өсүп жатат. 16-майда 71 киши каза тапса, андан эки күн мурун 68 бейтап өлгөнү белгилүү болгон.

Орусияда пандемия башталгандан бери 281 752 учур катталды. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Орусия коронавируска чалдыккандардын жалпы саны жагынан АКШдан кийинки 2-орунда турат.

05:15 18.5.2020

18-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 4 783 000 (+79 000, мурунку суткага караганда 20% аз).

  • Көз жумгандар: 316 000 (+4000, мурунку суткага караганда 20% аз)
  • Айыккандар: 1 847 000 (+45 000, мурунку суткага караганда үчтөн бирге аз)

    Ооруп жаткандар – 2 620 500. Алардын ичинен 2 576 000 бейтаптын абалы орточо оор, 44 822 (2%) – оор же өтө оор абалда жаткандар. Мындан бейтаптардын саны бир аз өстү.

    Соңку 22 сааттагы көрсөткүч:
  • АКШ: 15 771 (төмөндөө)
  • Орусия: 9709 (өсүү)
  • Индия: 5016
  • Британия: 3142 (төмөндөө)
  • Сауд Аравиясы: 2736

    ...
  • Испания: 1214 (төмөндөө)

    ...
  • Италия: 675 (төмөндөө)

    ...
  • Казакстан: 307
  • Тажикстан: 202
  • Кыргызстан: 21
  • Өзбекстан: 15

    Жаңы көз жумгандар:
  • АКШ: 776 (10% төмөндөө)
  • Франция: 483
  • Мексика: 278
  • Британия: 170 (өсүү)
  • Индия: 154
  • Италия: 145 (төмөндөө)
  • Канада: 102
  • Орусия: 94

    ...
  • Казакстан: 0
  • Өзбекстан: 1
  • Тажикстан: 3
  • Кыргызстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.

10:21 18.5.2020


Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттары.

Үчөө Санкт-Петербургдан кайткан курсанттар.

Калгандары: Нарын облусунан 14, Ош облусунан алтоо, Ош шаарында бешөө, үчөө Бишкек шаарында, дагы үчөө Чүй облусунда жана Жалал-Абал облусунда бирөө.

Бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG