Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:41 18.5.2020

“Манас” аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар ал жайдан чыгарууну талап кылып жатышат. “Бизди кетиргиле” деген талаптар айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда “ал жерде проблема бар”.

Министрликтин өкүлдөрү нааразылык билдирип жаткандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн обсервацияга жөнөп кеткени маалым болду.

Буга чейин интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандардын көчөгө топтошуп чыгып алганы тартылган видеотасма тараган.

18-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдан табылды, алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

Бир аз мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын айткан. Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол бербегенин билдирген.

15:31 18.5.2020

Абылгазиев: Обсервациядан анализи тазалар гана чыгарылат

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев

"Манас" эл аралык аэропортуна жакын жердеги обсервацияда жаткандардын анализи кайталап текшергенден кийин таза чыкса гана үйүнө коё берилет. Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 18-майда убактылуу обсервациядагыларга кайрылуусунда айтылды.

Премьер-министр чет жактан, биринчи кезекте Орусиядан кайтып келгендерге кайрылып, алар үчүн обсервация жайлары ичи-сырты оңдолуп даярдалганын, ичинде бардык шарттар түзүлгөнүн, аларга кам көрүп, ошол жерде күнү-түнү иштеп, өзүнүн ден соолугун тобокелге салып, үй-бүлөсүн көрүүгө зар болуп медицина кызматкерлери, милиционерлер жана куткаруучулар иштеп жатканын эскертти.

Абылгазиев “Миллиондогон мекендешибиз карантин шартында, кирешесинен куру калып, чыгымга учурап жатат. Адамдар бул кыйынчылыктан өтүү керектигин түшүнүп турушат ” деп кошумчалап, оорунун жайылуу коркунучу дале кооптондуруп жатканын белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан келгендердин арасынан 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда 71 адамдын 55и да Соль-Илецкиден келген мигранттар болчу.

17-майда алар обсервациядан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган видеосу интернетке тараган.

15:47 18.5.2020

15:49 18.5.2020

Чуу чыккан обсервацияда абал тынчыды

“Манас” аэропортунун жанындагы обсервацияда абал тынчыды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министринин оун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, нааразылык билдирип чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, обсервация штаттык режимде иштеп жатат. План боюнча бүгүн чыгарыла тургандардын милдет-укуктары түшүндүрүлүп, чыгарыла баштады.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүн чыккандардан кийин ал жерде19 адам калат:

“Бүгүн чыга турган күнү болчу. Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. Барганда да карантинде отурасыңар деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG