Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:06 15.5.2020

15-май, Бишкек убактысы боюнча саат таңкы 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 4 502 500

(+94 500, мурдагы суткага караганда 16% көп).

  • Көз жумгандар: 302 000 (+5200, мурдагы суткага караганда 4% көп)
  • Айыккандар: 1 697 000 (+50 000, мурдагы суткага караганда 35% аз)

Ооруп жаткандар - 2 504 000. Алардын 2 458 000 – абалы орточо оор, 45 510 (2%) – оор же өтө оор абалда жаткандар. Мындай бейтаптардын саны азайып баратат.

Соңку 22 сааттагы көрсөткүч:

  • АКШ: 19 504 (өсүү)
  • Орусия: 9974 (төмөндөө)
  • Бразилия: 8681 (эки эсе өсүү)
  • Перу: 4298
  • Индия: 3935
  • Британия: 3446
  • Чили: 2695
  • Сауд Арабиясы: 2039
  • Мексика: 1862

...

  • Испания: 1551

...

  • Италия: 992

...

  • Казакстан: 118
  • Өзбекстан: 7
  • Тажикстан: 106
  • Кыргызстан: 29

Көз жумгандар:

  • АКШ: 1387 (мурдагы суткадай эле)
  • Бразилия: 460
  • Британия: 428 (төмөндөө)
  • Франция: 351
  • Мексика: 294
  • Италия: 262 (өсүү)
  • Испания: 217
  • Канада: 166
  • Перу: 98

...

  • Орусия: 93

...

  • Казакстан: 2
  • Өзбекстан: 11
  • Тажикстан: 29
  • Кыргызстан: 14

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Бул маалымат Бишкек убактысы боючна таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.

17:42 15.5.2020

АКШда адистер коронавирустун экинчи толкунунан чочулашат

Алардын басымдуу бөлүгү Европа менен АКШнын жарандары. Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандар дүйнө жүзү боюнча 4,5 миллион адамга чамалады.

АКШда көпчүлүк штаттарда оору жугузуп алган жана илдеттен ажал тапкан адамдардын саны акырындап азая баштаганы менен соңку бир аптадан бери COVID-19 күнүнө 1,5 миңдей адамдын өмүрүн жалмап жатат. Кошмо Штаттарда коронавирус 1,4 миллиондой адамдан табылды жана илдет 86 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйды.

Вакцина боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси Рик Брайт 14-майда Конгрессте сүйлөп жатып, эгер өлкө жетекчилери оорунун кайра жайылышына каршы чечкиндүү чараларды көрбөсө, өлкө "заманбап тарыхындагы эң катаал кышты" башынан кечириши ыктымал экенин эскертти.

Ал коронавирустун экинчи толкуну кышында сасык тумоо күчөп турган маалга туш келсе, анын кесепети оор болорун айтты. Брайт 2017-жылы сасык тумоодон 29 миңге чукул америкалык ажал тапканын кошумчалады.

Рик Брайт АКШнын вакцинаны массалык түрдө даярдап, аны элге таратуу боюнча кандайдыр бир планы жок экенин сынга алды.

Бирок президент Дональд Трамп 14-майда вакцина ушул жылдын аягына чейин пайда болорун дагы бир жолу билдирди, бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

"Менимче, биз жыл аягына чейин вакцинага ээ болобуз. Аны таратуу тегиз-текши жүрөт, биз аскерлерди даярдап койдук. Силер муну эртең көрөсүңөр".

Буга чейин Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцина адамдарга сынала башталганы белгилүү болгон. Жалпысынан вакцинанын 90дон ашуун түрү даярдалып жатканы маалымдалган. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.

Ал арада Кытайда соңку бир айдан бери COVID-19дан ажал тапкан бир дагы учур каттала элек. Буга чейин Бээжинди Вашингтон менен бир катар Европа өлкөлөрү коронавирус коркунучу тууралуу маалыматты жаап-жашырган деп айыптаган.

Трамп Кытай менен алака-катышты толугу менен токтотуп коюушу ыктымал экенин эскертти. Бээжин дооматтардын баарын четке кагып келет.

Бир канча айлык карантинден кийин Кытайда завод-фабрикалар кайрадан иштеп жатат. Өндүрүштүн көлөмү апрель айында былткыркыга салыштырмалуу 3,9% көбөйдү. Бирок ички керектөө 7,5% азайды жана жалпысынан өлкө экономикасы каатчылыкка кептелди.

Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, 15-майга карата Кытайда ооруканаларда коронавирустан 90дой бейтап дарыланып жатат жана 600дөн ашуун адам карантинде. Кытайда жалпысынан расмий маалыматка ылайык, бул оорудан 4600дөн ашык киши көз жумган, илдет 83 миңге чукул адамга жуккан.

Бразилия менен Мексика Латын Америкадагы оору очогуна айланды. Бразилия өпкөнү сезгенткен оорудан ажал тапкандардын саны жагынан дүйнөдө алтынчы орунга чыкты. Бул өлкөдө оору 203 миңдей кишиге жукту, 14 миңден ашык адам көз жумду. Мексикада бийлик оору кеңири тараган учурга жеткенин билдирди. Аталган мамлекетте ооругандар 42,5 миңге чамалады жана көз жумгандар 4477 адам болду.

Европада көпчүлүк өлкөлөр каратин чараларын жумшартууну улантып жатат. Аталган континентте COVID-19дан 150 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

21:00 15.5.2020

15-майда саат 17ге карата Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган дагы 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министрлиги инфекциялангандардын жалпы саны 1 миң 118 кишиге жеткенин, 33 киши илдеттен көз жумганын, 477 бейтап сакайганын билдирди.

Бирок айрым карапайым адамдар расмий статистикадан күмөн санашат. Социалдык тармактарда коронавирустан көз жумган тааныш, жакындары, достору тууралуу жазгандар көп болууда.

12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун экспеттер миссиясынын жетекчиси Патрик О’Коннор Душанбедеги онлайн пресс-конференцияда Тажикстандагы эпидемиялогиялык кырдаал оорлошуп, вирус тез жайылып жатканын, алдынкы күндөрдөгү чаралар адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнорун эскерткен.

Кошуна өлкөдө коронавиурстун алгачкы учуру тууралуу 30-апрелде расмий маалымдалган. Бирок өткөн айдын башынан эле борбор калаа Душанбеде, бир катар райондордо пневмониядан көз жумгандар көбөйгөн.

Чолпонбаевге коронавирус жугуп, оор абалда ооруканада жатат

Коронавирус инфекциясы менен ооруканага түшкөн коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы оор. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, ал Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган. Азыр ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган, абалын догдурлар оор деп баалап жатышат.

70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Жалпысынан 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты.

05:02 16.5.2020

16-май, Бишкек убактысы боюнча саат таңкы 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 4 605 500 (+103 000, мурдагы суткага караганда 9% көп).

  • Көз жумгандар: 307 000 (+5000, мурдагы суткага караганда бир аз төмөн)
  • Айыккандар: 1 739 000 (+42 000, мурдагы суткага караганда 16% аз)

Ооруп жаткандар – 2 559 000. Алардын 2 514 000 – абалы орточо оор, 45 000 (2%) – оор же өтө оор абалда жаткандар. Мындай бейтаптардын саны азайып баратат.

  • Соңку 22 сааттагы көрсөткүч:
  • АКШ: 19 761 (өсүү)
  • Орусия: 10 598 (жаңы чек)
  • Бразилия: 9280 (өсүү)
  • Перу: 3891 (төмөндөө)
  • Индия: 3787 (төмөндөө)
  • Британия: 3560 (өсүү)
  • Чили: 2502
  • Мексика: 2409
  • Сауд Арабиясы: 2307

...

  • Испания: 1721 (өсүү)

...

  • Италия: 789 (төмөндөө)

...

  • Казакстан: 118
  • Өзбекстан: 41
  • Тажикстан: 211
  • Кыргызстан: 29

Көз жумгандар:

  • АКШ: 1204 (төмөндөө)
  • Бразилия: 462
  • Британия: 384 (төмөндөө)
  • Мексика: 257 (төмөндөө)
  • Эквадор: 256
  • Италия: 242 (төмөндөө)
  • Испания: 138
  • Перу: 125
  • Швеция: 117
  • Орусия: 113

...

  • Казакстан: 2
  • Өзбекстан: 0
  • Тажикстан: 4
  • Кыргызстан: 2

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Бул маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG