Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:08 14.5.2020

ДССУ: Коронавирустан арылуу оңой эмес

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жогорку даражалуу өкүлү дүйнө жаңы коронавирустан "эч качан кутулбай калышы ыктымал" экенин эскертти.

Сеул, Түштүк Корея.
Сеул, Түштүк Корея.


ДССУнун Чукул кырдаалдар боюнча программасынын башчысы Майк Раян адамзаты COVID-19дан эч качан арылбай калышы ыктымалдыгын айтты. Ал мындай жагдайда ВИЧти мисал келтирди.

Майк Раян адамзаты ВИЧ менен жашаганга үйрөнгөнүн, бул илдетти дарылап, алдын алуунун ыкмаларын тапканын, ВИЧ жугузуп алган бир топ адам кадимкидей жашап жатканын белгиледи:

"Адамзатына тараган жаңы вирус биринчи жолу пайда болду, ошондуктан биз аны качан жеңе аларыбызды айтуу кыйын. Бул вирус биздин коомубуздагы эндемикалык вирустардын бири болуп калышы ыктымал жана биз андан эч качан арылбашыбыз мүмкүн".

Майк Раян өпкөнү сезгенткен жаңы вируска каршы вакцина табылган күндө деле бул илдет менен күрөш оңой-олтоң болбосун эскертти.


Ушул тушта COVID-19ду жугузуп алгандардын саны дүйнө жүзүндө 4,3 миллион адамдан ашты. Илдеттен көз жумгандардын саны 300 миңге чукулдап калды.

Испан өкмөтү 13-майда коронавирус элдин 5 пайызына, тагырагы, эки миллиондон ашык адамга жукканы тууралуу иликтөө жарыялады. Расмий статистикага ылайык, бул өлкөдө ооруга 228 миңден көп киши кабылган жана 27 миңден көп киши көз жумган.

Оорунун кайра жайылып кетүү коркунучу сакталып турганына карабай Европа Комиссиясы Еврошаркетке мүчө мамлекеттерди жайкы туризмди сактап калуу максатында ички чек араларды өз ара макулдашып, акырындык менен ача берүүнү сунуш кылды.

Британия 13-майда Франция, Италия жана Испания сымал карантин чараларын азайтууга киришти.

Австрия Германия менен чек арасын 15-июндан тартып ачарын жарыялады. Немис бийлиги эмки айдын ортосунан тартып чек араларда жүргүнчүлөрдү коронавирус боюнча текшерүүнү токтото турганын айтты.


Европада ооругандар жана илдеттен ажал тапкандар азайып жаткан маалда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы күчөшү мүмкүн деген кооптонуу жаралды.

Орусияда эки аптага жакын убакыттан бери жаңы коронавирусту жугузуп алгандардын саны 10 миңден ашып жатат. Орус бийлиги оору жугузгандардын көбөйгөнүн тестирлөө менен түшүндүрүп келет. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата 5,8 миллион тест алынды. Бирок айрым сынчылар Орусияда ооруган жана ажал тапкан адамдардын саны мындан дагы көп болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.

Бразилия 13-майда ооруган жарандардын саны боюнча Францияны басып өтүп, дүйнөдөгү алтынчы өлкө болуп калды. Латын Америкасында экономикасы күчтүү бул өлкөдө COVID-19ду 190 миңге чукул адам жуктуруп алды жана 13 миңден ашык киши көз жумду. Бирок президент Жаир Болсонару пандемия коркунучун кенебей, карантин чараларын алууну талап кылып келатат.

СOVID-19 биринчи жолу катталган, 11 миллион адам жашаган Кытайдын Ухань шаарында бийлик тургундардын баарынан коронавируска жапырт тест ала баштады. Буга чейин жапырт тест 10 күндүн ичинде ишке ашары айтылган. Ушул дүйшөмбүдө Уханда соңку бир айдан ашык убакыттан бери алгачкы жолу коронавирус жугузуп алган беш адам аныкталган.

АКШда штаттардын теңинен көбүнүн губернаторлору оорунун жайылышы дагы күчөшү ыктымал деген эскертүүлөргө карабай карантин эрежелерин жумшартып жатат. Президент Дональд Трамптын администрациясы коронавирус пандемиясы маалында оор абалга кабылган экономиканы мүмкүн болушунча тезирек жандантуу керектигин айтып келет.

21:46 14.5.2020

Ошко Орусияда коронавирустан каза болгон жарандын сөөгү жеткирилди

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 күн ичинде Орусиядан үч кыргызстандыктын сөөгү алынып келген.

«Бүгүн, 14-майда келген киши коронавирустан каза болгон. Буга чейин келген экөөнүн бирөө операциядан чыкпай калган, дагы бирөөнүн жүрөгү кармап калган. Алардын сөөгү үч кабат табытка салынып келген. Аны ачтырбай эле туугандарына түшүндүрүп көмдүрүп жатабыз», - деди Аширбаев.

Кыргызстандыктардын сөөгүн алып келген жакындары дароо обсервацияга жаткырылган.

14-майга карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандар 1082 адамга жетти. Анын ичинен 181и Ош облусунда, 114ү Ош шаарында.

09:34 15.5.2020

Дүйнөдө COVID-19 илдетинен 300 миңден ашун киши каза болду

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус жуккан 300 миңден ашуун бейтап каза болду. 1 млн. 500 миңден ашык киши бул илдетти жеңип чыкты. Ал эми жалпы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 4,5 миллионго чамалады.

Илдет көп аныкталгандардын сап башында АКШ турат. Бул мамлекетте 1 млн. 400 миң кишиден коронавирус аныкталып, 85 миң бейтап көз жумду. Расмий маалымат боюнча 250 миңден ашык кишиден COVID-19 вирусу табылып, Орусия экинчи орунда турат. Орусияда 2500 киши каза болду. Үчүнчү орунда Британия. Бул мамлекетте 230 адам аталган вирусту жуктуруп алганы аныкталып, 33 миң бейтап жарык дүйнө менен кош айтышты.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын аягында алгач Кытайдан аныкталып, кийин дүйнө жүзүнө тараган. АКШ Кытайды илдеттин жөнүндө убагында маалымат берген эмес деп айыптоодо. Бээжин айыптоону четке какты.

10:19 15.5.2020

COVID-19дан эки бейтап кайтыш болду

15-май өлкө аймагында дагы 29 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1111 адамга жетти.

Жалал-Абад облусунда – 153, Ош облусунда – 182, Ош шаарында - 118, Чүй облусунда – 156, Бишкек шаарында – 302, Баткен облусунда – 24, Нарын облусунда – 163, Ысык-Көл облусунда – 13 киши. Алардын 247си медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны 1532 адам. 745 адам айыкты. 320 адам ооруканада, 5 адамдын абалы оор, 5 адам реанимацияда жатат. 14 адам каза болду.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG