Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:42

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:34 13.5.2020

ЖАМК: Сапар Исаковдун жана башкалардын коронавируска анализи таза чыкты

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын камактагы тарапкерлеринен жана саясатчы Равшан Жээнбековдон коронавируска алынган анализдердин баары таза чыкканын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-майда Равшан Жээнбековдон, Фарид Ниязовдон, Фархат Баабиевден, Сапар Исаковдон, Карыпбек уулу Рысбектен, Канат Осмоналиевден, Мээрбек Мискенбаевден жана Канат Сагымбаевден коронавируска анализ алынган.

8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 табылган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы абакта абал туруктуу деп, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

11-майда Кой-Таш окуясы боюнча жараянда айыпталып жаткандардын бири, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген.

2019-жылы 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясында бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши алар тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 адамдын ичинен Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкетин №1 тергөө абагында кармалууда.

16:17 13.5.2020

Тажикстандагы абал, ДССУнун эскертүүсү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришти.

Май айынын башында Тажикстанга келген бул эксперттер өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп жатканын, токтоосуз түрдө "керектүү чараларды кабыл алуу" зарыл экенин 12-майда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында айтышты.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 12-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 729 кишиге жетти. Кеминде 23 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Бирок бир нече күн мурда интернетте Тажикстанда коронавирустан көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болду. Анда илдеттен каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.

10:37 14.5.2020

Коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 14-майда оору жугузуп алгандардын эң көбү Нарын облусунда экенин билдирди.

Соңку бир суткада Нарын облусунда - 15 адамдан, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төрт, Чүй облусунда да төрт (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бир адамдан COVID-19 инфекциясы табылды.

Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 735 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

16:54 14.5.2020

Нарында коронавирус ымыркайларга жукту

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасында бир жашка толо элек 12 ымыркай бар. Бул тууралуу 14-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, балдар бул илдетти чоңдордон жугузган, себеби айрым учурда коронавирус менен ооруган адам клиникалык белгилери байкалбай жүрө бериши ыктымал. Ошондуктан балдарга карата көзөмөлдү күчөтүү зарыл экени айтылды.

Ал эми Нарын шаарында соңку бир суткада коронавирус аныкталган 15 адамдын сегизи - жаңы төрөгөн келиндер экени белгилүү болду.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлашынча, 15 бейтаптын баары облустук ооруканага жаткырылды, алардын бирөө медицина кызматкери, сегизи жаңы көз жарган келиндер жана алтоо алар менен контакт болгон жакындары.

Баарынын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.

Мындан тышкары, облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө ымыркайлары менен сегиз келин, кош бойлуу жети келин байкоо алдында жатат.

Ал эми коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны бул бөлүмдө 11 адам. Алар – акушерлер, медайымдар жана санитарлар.

14-майга карата республика боюнча оору 1082 адамдан табылса, алардын ичинен 152 бейтап Нарын облусунда. Көбү Ат-Башы районунда – 77 киши, Нарын шаарында 58 киши, Жумгал районунда 14 киши жана Кочкор районунда үчөө.

Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан.

Кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Нарын облусуна медицина кызматкерлеринин кезектеги, үчүнчү тобун жөнөттү. 14-майда Бишкектен Нарынга жети ыктыярчы дарыгер жөнөп кетти.

Алардын үчөө – акушер-гинеколог менен реаниматолог он күн бою аймактагы кесиптештерине жардам берип иштейт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бирөө жана бир реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлөт.

Министрлик кабарлагандай, ар бир кызматкер тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыз болду, аларга кошумча маяна мыйзамга ылайык төлөнүп берилет.

Жалпысынан буга чейин Бишкектен аймактарга дарыгерлердин дагы сегиз тобу жөнөтүлгөн болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG