Коронавирустан айыккан бейтаптарда белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн.
Бул тууралуу пульмонолог Талант Сооронбаев 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алган учурлар катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин башка адамга вирус жуктурат деген коркунуч жок. Бирок симптомдор жүрө бериши ыктымал.
"Мисалы, алсыздык, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келиши узакка созулат. Үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилер пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул - башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын, өпкө оорулар, жүрөк-кан тамыр дарттарынын белгилери болсо үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин адистерге кайрылуу керек. Өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентгенде вирустун белгилери кала берет".
Сооронбаев ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөрүн айтып, вируска кабылгандарды дарыгер жазып берген сунуштарды так аткарууга чакырды. Өз алдынча дарыланбоону, такталбаган кеңештерди колдонбоону сунуш кылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 517 адам сакайып чыкты.
- Бишкек – 142
- Чүй облусу – 53
- Ош облусу – 87
- Талас облусу – 24
- Нарын облусу – 19
- Ысык-Көл облусу – 50
- Жалал-Абад облусу – 48
- Баткен облусу – 45
- Ош шаары – 49
Жалпы айыккандардын саны 31 281. Жугузуп алгандардын жалпы саны 39 587.
Бир сутка ичинде өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 вирусунан тогуз киши кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августтагы брифингде билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Ош облусунда, дагы бири Нарын облусунда катталды.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери вирустун курмандыктарынын жалпы саны 1460ка жетти.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ординатурасын аяктаган 169 адис Кыргызстандын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн бөлүштүрүлдү.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, Бишкек медициналык коллежинин 70 бүтүрүүчүсү да башкалаадагы саламаттык сактоо мекемелеринде иштөөгө бөлүндү.
"Дарыгердин депозити" мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча төлөнмөй болду.
Саламаттык сактоо министрлиги бул чечимди дарыгерлердин жетишсиздигин чечүү аракети катары түшүндүрүп жатат.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.
Казакстан жакынкы апталарда коронавирус болгондор менен оорусу пневмония деп аныкталгандарды кошуп санабайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлинин басма сөз катчысы Богдат Кожакхметов 7-августта билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алексей Цой 1-августтан тартып статистика бириктирилерин айткан. Анын алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандар менен пневмония болуп ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырган.
Министрлик 2-августтан баштап «COVID-19дун белгилери бар пневмония» тууралуу өзүнчө статистика бере баштады. Ага ылайык, ушул айдын башынан тартып мындай ооруга кабылган 11 миңден ашык учур катталып, 120 бейтап көз жумду.
Пандемия маалында коронавирус жалпысынан 97 миңдей кишиден табылып, 1200гө чукул бейтап кайтыш болду.
Казакстанда июнь айынан бери пневмония болуп ооругандар эселеп көбөйгөн. Ушул жылдын алгачкы алты айында пневмония болгон 98 миңден ашык адам катталган жана алардын үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда 32 миңи июнда аныкталган. Ошол айда эле өпкөсү кагынган 628 адам ажал тапканы айтылган.
Кыргызстан 16-июлдан баштап пневмония менен ооруп жаткандарды да коронавирус деп каттап жатат.