Кошмо Штаттарда соңку бир күндө коронавирустан дагы эки миңден көп бейтап ажал тапты жана бул акыркы үч айдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Акыркы жолу АКШда мындай сан 7-майда катталган болчу. Өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандар 4,9 миллионго жетип калды.
АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган Бразилияда коронавирус акыркы 24 сааттын аралагында дагы 5300дөн ашык адамдан табылып, 1200дөн көп киши көз жумду. Каза болгон бейтаптардын жалпы саны 100 миңге чамалап калды. Мексикада 6-августта илдеттен көз жумгандар 50 миңден ашты. Акыркы бир күндө оору дагы 6,5 миң адамдан аныкталды.
Америкалык Жон Хопкинс унвиерситетитин эсебинде, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдет 712 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды, оору жугузруп алгандар 19 миллион кишиге чукулдады.
Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 7-августта жалпысынан эки миллион адам ооруга кабылганын, 40 миңден көп бейтап көз жумганын билдирди.
Африка өлкөлөрүндө коронавируска кабылгандар бир миллион кишиге жетти. Алардын теңинен көбү Түштүк Африкага туура келет жана бул өлкө ушул тапта мындай көрсөткүч менен дүйнөдө бешинчи орунда турат.
Кыргызстанда бир суткада 17 медицина кызматкеринен коронавирус лабораториялык жол менен аныкталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдирди. Маалыматка караганда, вирус жугузуп алган медиктердин бешөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда, төртөө Ош облусунда, үчөө Баткен аймагында катталды. Бир суткада жети медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.
Расмий маалыматка караганда, COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жугузган медиктер 2928 кишиге жетти. Алардын 73ү кайтыш болду, 2025и айыкты.
Кыргызстанда бир сутка аралыгында COVID-19 илдетинен төрт каза тапты. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдиргендей, кайтыш болгондордун бири Ош облусунда, экинчиси Жалал-Абад облусунда, бирөө Талас облусунда, төртүнчүсү Нарын аймагында катталды.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери каза болгондор 1451ге жетти. Акыркы күндөгү расмий маалыматка караганда, пандемия күчөгөн июль айынан бери бир күн аралыгында вирустан каза болгондор азайды.
Бирок бир сутка ичинде COVID-19 лабораториялык жол менен расмий аныкталган учурлар азайа элек. 7-августка карата маалымат боюнча коронавирус 503 кишиден жаңы табылды.
Алардын 125и Бишкекте, Ысык-Көл облусунда – 81, Ош облусунда - 74, Жалал-Абад облусунда – 53, Ош шаарында – 51, Баткен облусунда - 47, Талас облусунда – 35, Чүй облусунда – 28, Нарын облусунда – 9 кишиден вирус аныкталды.
Марттан бери коронавирус расмий аныкталгандар 39162ге жетти. Анын 30 764ү айыкты.
Кыргызстанда бир күн ичинде COVID-19 илдетинен тогуз киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, кайтыш болгондордун бешөө Бишкекте, экөө Ош облусунда, экөө Баткен облусунда.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти.
Расмий маалыматка караганда, бир сутка аралыгында лабораториялык жол менен вирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү.
Соңку бир күндө вирус жугузуп алган 589 бейтап ооруканалардан айыгып чыкты. Ал эми пандемияда айыккандардын жалпы саны 30 099 болду.
COVID-19 илдетин жугузуп алган жана андан каза тапкандардын саны боюнча Бишкек шаары дале биринчи орунда.
Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.