"Азаттык" Кыргызстандын облус борборлорунун 30 жыл мурунку жана азыркы сүрөттөрүн топтоду. 30 жылда шаарлар кандай өзгөргөнүн сүрөттөр айтып берет.
Эгемендик 30: тарыхка күбө болгон шаарлар
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРден бөлүнүп, өз алдынча эгемен мамлекет болгон. Быйыл кыргызстандыктар эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат.
Мурун

Aзыр

1
Бишкек шаарынын негизделгенине 142 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган.
Мурун

Aзыр

2
Ала-Тоо аянты. 1984-жыл (солдо). Ала-Тоо аянтынынан Ак үйдү көздөй өтүп бара жаткан митингчилер. 2021-жыл.
Совет доорунда Ала-Тоо аянтында Лениндин айкели турчу. 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна Эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына карата “Эркиндик” эстелиги тургузулган. 2011-жылы 31-августта Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына башкы майданга бийиктиги 17 метр болгон Манастын айкели орнотулган.

3
Нарын деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан шаар. Ал өз учурунда Кашкарды батыш менен бириктирген Борбор Азия аркылуу өтө турчу жибек жолунда пайда болгон.19-кылымда бул аймакта кокондук чеп курулган.
1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.
Мурун

Aзыр

4
Нарын шаары Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан.1994-жылы шаарда троллейбус линиясы орнотулган. Учурда Нарын - троллейбус каттаган дүйнөдөгү эң кичинекей шаарлардын бири.
Мурун

Aзыр

5
Жалал-Абад Октябрь революциясына чейин эле Кыргызстандагы ири шаарлардын бири болгон. Ал Улуу Жибек жолунда жайгашып, 1877-жылы шаар стутусун алган. Шаарда 20га жакын чоң жана чакан базарлар бар.
Мурун

Aзыр

6
Жалал-Абад шаарынын так ортосунда жайгашкан Токтогул эс алуу багы.
Мурун

Aзыр

7
Ош - 3000 жылдан ашык тарыхы бар, байыркы шаар. 1876-жылы Кокон хандыгы кулатылгандан кийин шаар деген расмий макамды алган. Учурда Ош өзгөчө колориттүү, тарыхы бай, тургундары меймандос шаарлардын бири.
Ош шаарынын жергиликтүү эл менен туристтер эң көп каттаган жайы, атактуу Сулайман-Тоо. Тоонун алдында "Достук" монументи орнотулган.
Ош шаарынын жергиликтүү эл менен туристтер эң көп каттаган жайы, атактуу Сулайман-Тоо. Тоонун алдында "Достук" монументи орнотулган.
Мурун

Aзыр

8
Ош аба майданы Фергана өрөөндөгү эң чоң аэропорттордун бири болуп саналат. 1974-жылы ишке кирген.
Мурун

Aзыр

9
Каракол Кыргызстандагы чоңдугу боюнча төртүнчү шаар. 1879-жылы негизделген. 1889-жылы 23-мартта падыша Александр III буйругу менен орустун саякатчы-натуралисти Николай Пржевальскийдин аты ыйгарылган.
1922-жылы шаарга мурдагы аты Каракол кайтарылып, кийинчерээк кайра эле Пржевальский деп аталып калган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин мурдагы Каракол аты шаарга кайтырылган. Учурда Каракол Ысык-Көл облусунун борбору болуп саналат.
150 жылдан ашык тарыхы бар шаарда 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында курулган үйлөрдү, имараттарды көрүүгө болот.

10
Талас шаарындагы автовокзал. Эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлгөн. Шаар статусу Таласка 1944-жылы берилген.