Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:54

Айдын ары жагына кытайлар биринчи конду


“Чаңэ-4” станциясынын модели.
“Чаңэ-4” станциясынын модели.

3-январда Бээжин убактысы боюнча саат 10:26да Кытайдын “Чаңэ-4” станциясы Айдын көрүнбөгөн тарабына конду. Айдын ары жагы буга чейин сүрөткө түшүрүлгөнү менен, адам жасаган изилдөөчү станция ал жакка тарыхта биринчи ирет конуп жатат.

Космос жарышы кайра жанданып жатабы? Бул суроого азырынча жооп жок, бирок Айдын ары жагына биринчи болуп коммунисттер конушту. Бул ирет албетте, СССР эмес, Компартия башкарган Кытай. Айдын наркы бетине конуу Кытай үчүн бир топ стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Алар кандай?

Биринчиден, бул техникалык жактан татаал операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы Кытайдын космос программасынын дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкта дарамети жетиштүү экенин көрсөтөт.

- Айдын көрүнбөгөн жагына конуу - абдан татаал операция. Ал үчүн релейлик байланыш түзүш керек болду. Ансыз Айдын нары жагындагы техника менен Жердин ортосунда байланыш болбойт. Мына ушул себептерден улам буга чейин эч ким ал жакка коно элек болчу, - дейт “Чаңэ-4” станциясынын башкы конструктору Сан Зежу.

Айдын нары жагын изилдөө илимий жактан да адам баласына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мисалы, Лондон коллеж университетинин изилдөөчүсү Люси Грин “The Guardian” басылмасына берген интервьюда жерден чыккан ызы-чуу үндөрдү Ай тосуп тургандыктан, Айдын ары жагынан космосту изилдөөгө мүмкүнчүлүктөр жакшыраак экенин билдирген. Анын айтымында, Айдын ары жагында радио астрономдор кыйла тазараак маалымат чогулта алат.

Мындан тышкары, Айдын ары жагында биздин Күн системабыздагы астероидден калган эң чоң ойдуң - Эйткен кратери жайгашкан. Аны изилдөө Ай кыртышынын түзүмүн жана анын эмнеден куралганын билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Баса, кытайлардын “Чаңэ-4” станциясы дал ошол кратерге конду.

Чоң кызыгуу жараткан теориялардын дагы бири – бул Айдагы гелий-3 изотобунун көлөмү. Изилдөөлөр боюнча, эгер гелий-3 изотобун өндүрүү ишке ашса, ал жаңы өзөктүк мунай катары колдонулуп, аны ким биринчи чыгара баштаса да космос жарышында чоң артыкчылыкка ээ болору айтылат.

Илимий жетишкендиктерден тышкары, Айды өздөштүрүү Кытайга саясий жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да алып келет. Алдыдагы пландар боюнча Кытай эми Айга адамды жеткирүүнү көздөйт. Бул жагынан Кытай менен АКШнын ортосунда өз ара атаандаштык пайда болду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын декабрь айында АКШнын президенти Дональд Трамп америкалыктар Айга кайра барып, бул ирет АКШнын желегин илип тим болбостон, толук илимий изилдөө жүргүзүшүн АКШнын космос агенттиги НАСАга тапшырган эле. Анын айтымында, АКШнын Айга кайтып барышы андан кийинки Марсты өздөштүрүүнүн алдындагы негизги баскычтардын бири.

Былтыр ноябрь айында НАСА Марска "Инсайт" аппаратын ийгиликтүү кондурганын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG