Орусиялык жана кытайлык талдоочулар анын бул сапары эки тараптуу кызматташтыктын жаңы дооруна чыйыр саларын болжолдошууда. Орусия Крымды аннексиялап алган окуядан соң Батыш менен мамилеси начарлап, Кытай менен кызматташтыгын күчөткөн.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапары Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап алганына беш жыл өткөн соң уюшулуп жатат. Орусия менен Украинанын чатагы Кремлдин Батыш мамлекеттери менен алакасын начарлатып, анын Кытай менен кызматташтыгын күчөткөн.
Москага жөнөп бараткандагы маегинде Си Цзиньпин «Кытай менен Орусия эки тараптуу бекем ишенимге ээ жана эки өлкөгө тең тиешелүү маселелерде бири-бирин бекем колдоп келе жатат» деди. Чын эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия менен Кытай глобалдык жана аймактык маселелерде дайыма бири-бирин колдоп добуш берип келе жатат. Өкмөттүк «Российская газета» басылмасынын башкы редактору Владислав Фронин:
«Си Цзиньпин өз маегинде биргелешкен долбоорлорду мисал келтирди. Жакында эле Кытайдын түндүк-батышындагы Хэйкэден Амур облусундагы Благовещенск шаарына автомобил көпүрөсү ачылды. Долбоордун символикалык да мааниси бар. Биз азыр өз ара абдан көп көпүрөлөр, анын ичинде экономикалык, гуманитардык, илимий, авиациялык көпүрөлөр аркылуу байланыштабыз», - деди.
Кытайдын төрагасынын күн тартибинде Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуу, андан кийин кечинде Большой театрда концертке баруу жана башка иш-чаралар каралган. Ошондой эле ал Санкт-Петербург шаарына да барып, Орусиянын президенти уюштуруп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумга катышат.
Орусия президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Си Цзиньпиндин бул жолку сапары «эки тараптуу кызматташтык үчүн абдан маанилүү окуя» деп мүнөздөдү. Ал белгилегендей, эки президент кызматташтыктын жаңы дооруна чыйыр сала турган «Глобалдык өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтык жөнүндө» декларацияга кол коюшат.
Илим жана жогорку билим министри Михаил Котюковдун айтымында, учурда Орусияда 30 миң кытайлык студент билим алып жатса, Кытайда 20 миңдей орусиялык улан-кыздар окуп жатат.
Кытай менен Орусиянын соода жүгүртүүсү да жылдан-жылга күчөп жатат. 2018-жылы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 25 пайызга жогорулап, 108 миллиард долларга жеткен. Акыркы жылдары айрым Батыш компаниялары Орусиядагы долбоорлорун токтосо, Кытай негизги кредитор жана инвестор болууга жетишти. Ошол эле кезде бул Орусиянын Кытайга көз карандылыгын күчөткөнүн белгилегендер да көп.
Москва Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, Кытайдагы өндүрүштүн ашыкча кубатын жаңы базарларга чыгаруу, эл аралык алкакта Бээжиндин саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүүгө багытталган «Бир алкак - бир жол» долбоорун да колдоп келе жатат.