Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

Чет жакта окуу оор, бирок акыбети кайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көп учурда “баланчанын баласы Америкадан окуп жатыптыр”, “Англияда эжемдин кызы өзү эле окуп жатат” деген сыяктуу кептерди көп эле угуп жүрөбүз. Чын эле чет өлкөдө окуу оңойбу же кандай?

Чет өлкөлөрдө билим алууну айрымдар оңой көрүшсө, айрымдар үчүн кол жеткис кыял. Кээ бирлерге чындап билим алуунун жолу болсо, кай бирлер үчүн эптеп эле четке чыгып кетүүнүн жолу. Билим берүү боюнча эл аралык долбоорлор, башка мамлекеттердин атайын стипендия берип окута турган же болбосо жогорку окуу жайлар арасындагы студенттерди алмашуу сыяктуу жолдордон тышкары, чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга өз алдынча өтүп окугандар да абдан көп. Менин кызым да ошентип окуп жатат.

Шаардагы орто мектепти эл катары эле бүткөн кызым адегенде Манас-Түрк университетинде окуп калды. Эки жылдан кийин “бул окуу мага жакпайт, мен башка жактан окуйм” дей баштады. Кызымдын кыялындагы окуу жайы Борбор Азиядагы Америка университети эле. Окуу үчүн төлөй турган акысы кымбат болгондуктан анда окуй албай калган.

Чет өлкөгө окууга жиберген бир фирма кызыма жардам берип, Италиядан бизнес менеджмент боюнча англис тилиндеги жогорку окуу жайын таап берди. Англис тилин жакшы билгендиктен алгачкы маектешүүдөн жакшы өттү, университеттен чакыруу келди. Ошентип, окуйм деген кыялын канат кылып алган кызымды курбу кызы менен бирге төрт жыл мурда бейтааныш өлкөгө узатып кала бердим. Кызым анда 21 жашта эле.

Алгач абдан оор болду. Бөлмөнү ижарага алыш керек, тамак-аш, күнүмдүк чыгымдардын баары өз эсебиңден. Бияктан мен тапкан каражаттан кызыма ай сайын жиберип турдум. Кызым да бош убактысында бир үй-бүлөнүн мектеп жашындагы кызын мектепке алып барып, алып келип иштеп калды. Окуу оор, каражат тартыш, баары ченелүү. Кудай жалгап, кызым сураштырып жатып тиешелүү маалымдамаларды бул жактан жиберип, ошол боюнча окуусу бекер болуп калды.

Бир күнү кызым: "Апа, билесизби, сириялык болуп калбай эмне деп өкүндүм. Сириядан, Ливиядан келген качкындарды бул жакта укмуш жакшы тосуп алышып, окусаң мына, мобу жерге жат, бекер оку, бул жерден тамак ич деп шарттарын түзүп беришет экен. Тигилер болсо окугандан качып жүрүшөт. Ошолордун ордунда мен болсом эмне деп ойлодум" деди.

Алгачкы семестрде экзамен берген учурда абдан кыйын болду. Катуу нерв болгондон аллергиясы күчөп, денесине бүдүрлөр чыгып, бети кызылала болуп чыкты. Уйкусу бузулуп, окуунун оорлугунан же окуш керек, же таштап кетиш керек деп, өзүнө ишенбеген учурлар башынан өттү. Же бир таанышыбыз жок. Мен бул жактан алымдын келишинче колдоп жаттым. Анткен менен баары бир алыспыз да.

Курбу кызы окууну таштап, Австрияга иштегени кетип калды. Кызым жалгыз калды. Биринчи жылы чындап кыйналып аяктады. Бишкекке каникулга келгенде бир ай бою жогорку математика боюнча жеке репетитор жалдап сабак окуду. Экинчи курстан тарта кызым чыйралды, жөн эле окубай стипендияга жетүү үчүн жакшы окуп, дароо эле стипендия менен бекер жатаканага жетип калды. Бир аз көңүл тынчыды.

Ошентсе да бул окууну бүткөндө кайсы жерде иштейм, кайсы өлкөдө жашайм деген суроолор мээге тынчтык бербей, миң укмуш жетишкен Европада болсоң деле өз жалгыздыгың билинип турган кыйналган учур көп болгонун кызым айтып калчу.

Сессия учурунда китепканага барганда жадагалса тепкичтерде орун жок, студенттер тизилип алышып окуй турганын айтканда суктанганымчы! Атаңгөрү, бизде билим алууга андай аракет кылышпайт, китепканалар бош калбадыбы! Кызым башкалардын жанталашып окуп жатканын көрүп чыйралып, жакшы аракет кылды, аракетинин үзүрү кайтты. Себеби ишенээри жалгыз өзү, алып жаткан билими. Башка эч нерсе!

Баса, кызымдын Австрияга иштеп кеткен курбусу да эки жылдай немис тилин үйрөнүп алып, азыр университетте окуп да, иштеп да жатат.

Акыркы эки жылга жакын убакыттан бери коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнүн шайын оодарбадыбы. Италиядагы кабарларды мен биякта жүрөгүм сыгылып отуруп угам, күндө кызыма чалып, сактанып жүр деп какшайм. “Жараткан жалгызды сактайт” деген чын белем, кызым ковид менен ооруган жок.

Окуусу онлайн болуп, бирок бир жылга узарып кетти. Анткени менен Италия өкмөтү менин кызым сыяктуу чет өлкөлүк студенттерди жакшы эле бакты. Былтыркы карантин учурунда эки ай бою эч жакка чыгарбай, күндө эки маал тамагын бекер берип турду. Быйыл болсо ошол ковид учурунда тарткан зыяндын моралдык компенсациясын ай сайын төлөп жатат.

Ушул жайда кызым университеттин бакалавриатын бүтүп, дипломун алып келди. Эми магистратурада окуусун улантып жатат. Бая биринчи барган кездегидей кыйналбай, көнүшүп калды. Ар улуттагы адамдардын чөйрөсүнө кенен аралашып, дос күтүп, иштеп өз жанын багып, эми керек болсо башкаларга да жардам бере баштады. Каникулга келгенде жалаң итальян ашканасынан тамак-аштарды жасап берип, иниси экөөбүздү кубантты. Кыз бала кайда жүрсө да, тамак-аш жасоого кызыкканы жакшы эмеспи.

Кызым менен сүйлөшүп калганда окуунун кыйындыгынан жеңил жолго түшүп кетүүгө көп эле азгырыктар болорун, ар бир адам алдына туура максатты кое билип умтулуусу, анан жакшы чөйрө гана жаман жолдон сактап каларын айтып берди. Инисине да мотивация бере турган англис тилиндеги маалыматтарды салып, аны да жакшы окууга үндөп турат. Окуу, билим гана адамдын кыялына жеткирерин айткан кызымдын менден эстүү, акылдуу болгонуна кубанам.

Чет өлкөдөн билим алуу оңой, эгер каражат кенен болсо, чындап билим алуу ниети болсо. Каражат тартыш, жакшы окуп да, жанды да багышка туура келсе, анда бир топ эле кыйын. Эң башкысы, кызда же балада билим алууга болгон кызыгуу чоң болушу, анан ата-эненин балага ишеними болгону зарыл. Билим алууга кызыгуу болбосо, чоң каражат да жардам бербеши ыктымал.

Аскер Сакыбаева, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG