Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Тажикстанда сайттар кайрадан тосмолонду


Тажикстанда эки күндөн бери ондогон интернет сайттар ачылбай жатканы кабарланууда. Алардын арасында социалдык түйүндөр да бар.

Тажикстанда интернет сайттар менен социалдык ресурстар 5-октябрдан бери ачылбай жатат.

Алардын арасында Фейсбук, ВКонтакте социалдык түйүндөрү жана жаңылыктарды тараткан бир катар сайттар бар. Айрым эсептерге караганда, ачылбай жаткан сайттардын саны 300гө чейин жетиши мүмкүн.

Душанбелик блогер Рустам Гулов “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде ал интернетке үч мобилдик мобилдик байланыш операторлору менен тең кире албай койгонун айтат:

- Интернетти мобилдик байланыш операторлорунун баары жаап коюшту. Мен жеке өзүм “Мегафон”, “Билайн”, “Тсел” аркылуу кирүүгө аракеттенип көрдүм. Бирок мүмкүн болбоду.

Уюлдук байланыш операторлорунан «Билайн” компаниясынын техникалык кызматы сайттардын ачылбай жатышы “компанияга байланышы жок себептерден” улам болуп жатканын кабарлады. Ушундай эле жоопту “ТСелл” компаниясы да берди.

Тажикстандын Мамлекеттик байланыш кызматынын башчысы Бег Сабури кечээ, 6-октябрда орусиялык ТАСС агенттиги менен маегинде алар тараптан “ Фейсбук жана башка социалдык сайттарды тосмолоого эч кандай көрсөтмө берилген жок»,- деп ырастайт.

Ошол эле убакта Сабури көп сайттар жана социалдык тармактар ашыкча саясатташып кеткенин белгилеп, тынчтыкты пропагандалоонун ордуна коомдогу ар кандай жаңжалдардын тутанышына себеп болуп, эсктремисттик маанайдагы чакырыктарды жана билдирүүлөрдү жайылтып жатканын кошумчалады.

Тажикстандын Интернет-провайдерлер ассоциациясынын жетекчиси Асомиддин Атоев “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде жабылган сайттардын так санын айтуу кыйын экенин белгилеп, алар Мамлекеттик Байланыш кызматынын көрсөтмөсү менен тосмолонуп жатышы мүмкүндүгүн ишара кылды:

- Мен саны канча экенин так билбейм. Кандайдыр бир кат же тизме болгон эмес. Буга чейинки тажрыйбага таянып жыйынтык чыгарсак, балким бул алар тарабынан жасалууда.

Жергиликтүү “Азия Плюс” агенттиги кабарлагандай, 4-октябрь күнү Душанбеде бийликтер “мыйзамсыз демонстранцияны” кууп таркатуу боюнча машыгуу өткөргөн эле. Расмий өкүлдөр машыгуу пландалган иш –чара экенин белгилешкен.

Айрым байкоочулар интернет байланышын чектөө боюнча азыркы фактыны оппозициялык топтун социалдык түйүндөрдө калкты 11-октябрда Душанбеде митингге чыгуу чакырыгы таратылышы менен байланыштырып жатышат.

Чакырыкты расмий каттоодон өтпөгөн, “Топ 24” деп аталган оппозициячыл топ жасаган.

Бул топтун лидери делген ишкер Умрали Куватов президент Эмомали Рахмондун саясатын сындаган билдирүүлөрүн тараткан соң Бириккен Араб эмираттарында камакка алынып, Душанбе аны өткөрүп алууга аракеттенген. Бирок бир нече айдан кийин ал түрмөдөн бошотулган. Азыр кайсыл жерде экени белгисиз. Душанбелик саясат таануучу Шакиржон Хакимов мындай дейт:

- Менимче элди социалдык түйүндөр аркылуу митингге чыгууга чакырып жатат деген ызы – чуу өкмөттү авторитардык чараларды көрүүгө мажбурлагандай. Сайттарга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу элдин маалымат алуу боюнча конституциялык укугуна каршы келет.

Тажикстанда маалымат сайттары, социалдык түйүндөр белгилүү бир мөөнөткө жабылып калган учурлар буга дейре деле бир нече ирет болгон.

Акыркы эки жылдан бери эл көп кирген сайттарды тосмологону үчүн тажик бийликтеринин дарегине бир нече ирет доомат айтылган.

XS
SM
MD
LG