Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:22

Орусия мигранттарга көзөмөлдү күчөттү


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Казакстандын борбор шаары сууга муктаж, Өзбекстандын облус борборлору "көгүлтүр отсуз" отурат. Ал эми Орусия "борборазиялык мигранттар терроризм коркунучтун жаратууда" деп корко баштады.

Мыйзамсыз мигранттар Орусияга экстремисттик көз караштарды жана терроризм коркунучун алып келип жатышканын "Независимая газета" басылмасы жазды. Макалада мындан чочулаган орус өкмөтү чет элдик жарандардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөрү жана мигранттарды эл аралык келишимдер боюнча жумушка максаттуу кабыл алары айтылат. Орусиянын илимдер академиясынын адиси Владимир Сотников борборазиялык мигранттар террористтик топторду түзүү үчүн келип жатат, деген ойдо. “Мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү менен биз алардын адам укуктарын бузган жокпуз, биз ички коопсуздукка коркунуч жаратчу күчтөрдү токтотууга аракет кылуудабыз” деп белгилейт Сотников. Москвада полиция өткөн жумада жүргүзгөн “Мигрант” операциясында 4,5 миңге жакын чет элдик жаран кармалган, 400 жаран административдик жоопко тартылган. 150 мигрант террористтер менен байланышы бар, деген шек менен камакка алынган.

Өзбекстан: газ чыккан жеринде каат

Өзбекстандын облустук борборлору "көгүлтүр отсуз" калганын Регнум интернет-басылмасы жазды. Гүлистан, Жизак, Үргөнч, Самарканд жана Фергана сыяктуу шаарларда "көгүлтүр оттун" жоктугу Өзбекстандын Кытайга газды экспорттоо милдети менен байланыштуу экени макалада баса белгиленет. Андан тышкары Ташкент быйыл Казакстанга газ экспорттоону 40% көбөйткөн. «Узтрансгаз» ишканасы мурунтан жыл бою калкты "көгүлтүр от" менен үзгүлтүксүз камсыздоого даярдыгын жарыялаганына карабастан, калктын көпчүлүк бөлүгү газсыз отурганы макалада баяндалат. Андагы маалыматка ылайык, калкы кыйналып жаткан Өзбекстан дүйнө жүзүндө жаратылыш газын өндүрүү боюнча 11-орунда турат.

Астанада суу тартыш

Астана суу таңкыстыгына кептелгенин "Московский комсомолец" гезити жазып чыкты. Макалада калкынын саны миллионго жакындаган шаарды Ишим дарыясы керектүү суу менен толук камсыздай албай жаткандыгы маалымдалат. Казакстандын борбор шаарына жылына 85 миллион кубометрге чейин суу керектелет. Акыркы жылдары Ишим дарыясында курулган Вячеслав суу сактагычы башкы суу булагы катары колдонулуп келген. Учурда Астана бийлиги кошумча сууну Нура дарыясынын эсебинен алууну пландаштырып жаткандыгы кошумчаланат. Бирок, буга чейин Темиртау суу бөлүштүргүчү электрометаллургиялык комбинаттан агылган сымап менен булганып, Нура дарыясынын суусун колдонууга болбостугу айтылып келген. Астанадагы суу керектөө кийинки 15 жыл ичинде 92 миллион кубометрге чейин көтөрүлөрүн, ал эми Вячеслав суу сактагычынын кубаттуулугу 2018-жылы 192 миллион кубометрден 102 миллион кубметрге чейин төмөндөрүн басылма белгилейт. Ошондон Нура дарыясы Астананын суу муктаждыгын камсыздай алабы, суроосу ачык калып жатканы макалада баса белгиленет.

Казакстан оффшор аймагына айланат

Казакстан орусиялык ишканаларга оффшор аймагын даярдап жатканын "Известия" гезити жазды. 2018-жылдан баштап орусиялык ишкерлер Астанада курулуп жаткан Эл аралык каржы борбору аркылуу ишканаларды ачып, оффшор аймагына кире алат деп айтылат макалада. Бул ишкерлерге Батыштын санкцияларынан качып, исламдык каржылоого чыгууга мүмкүнчүлүк бермекчи.

Инвесторлор 50 жылга салыктан бошотулуп, бекер кеңселерге, беш жылдык визасыз режимге жана британиялык укук боюнча арбитраждык сотко кайрылуу укугуна ээ болушат. Казакстандын мыйзамдары Эл аралык каржы борбордун ишине таасир этпешин камсыздоо үчүн казак бийлиги өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө дагы макул болгон. Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов “ислам каржылоосунун Евразия экономикалык биримдиктин алкагында өнүгүшү үчүн Астана өз алдынча борборго айланат” деп белгилеген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG