Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Өзбек-казак чек арасынан товар алып өтүү жеңилдеди


Чимкенттен Ташкентке каттай баштаган. Чимкен, 5-январь, 2018-жыл
Чимкенттен Ташкентке каттай баштаган. Чимкен, 5-январь, 2018-жыл

1-январдан тарта өзбекстандыктар баасы 1 миң АКШ долларына чейинки товарды Казакстандан бажы алымысыз алып кире башташты. Мурда өзбек жарандары 10 долларга чейинки гана товарды бажы салыгысыз алып кире алчу.

Жаңы жылдан кийин өзбек-казак чек арасынан өткөн өзбекстандыктар Казакстандан товар алып келүү жеңилдегенин дароо сезишкен. Алар ошондой эле өзбек бажы кызматкерлери элге сылык мамиле кылып калышканын белгилешкен.

- "Черняевка" көзөмөл өткөрмө бекетинде бажычылар ушундай сылык болуп калышыптыр, ишенбей кетесиң. Алар Казакстанда бир миң долларга чейинки баада товар алып келе жаткандарды тынч эле өткөрүп жатышат. Ашыкча текшерүү, тинтүү деген жок. Мен мындайды биринчи жолу көрүшүм, - деген “Азаттыктын” өзбек кызматына соодаргерлердин бири.

Өзбекстандыктар казак базарларына азык-түлүк алууга катташат. Өзбек базарына салыштырмалуу ал жакта айрым товарлар 30-40 пайызга чейин арзан.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү 1-январдан тарта өзбек-казак чек арасындагы тыгын да жоюлганын билдирди:

- Адамдар Казакстандан май, шоколад, кир самын алып келип жатышат. Аларга эч ким тоскоол болгон жок. Бирок биздин жарандар өлкөгө бир миң доллардан ашык каражатка товар алып кирип, аны сатууну көздөсө, анда декларация толтурушу керек. Мурунтан чек арада дайыма тыгын болчу. Азыр андай кезек жок. Адамдар жайбаракат чек арадан өтүп жатышат.

Мурун Казакстандан кайткан өзбекстандыктар текшерүүлөрдүн жана узак кезектин айынан бир нече саат бою чек арада туруп жатышкандыгына арызданып келишкен.

Ташкенттик экономист Тошбек өзбек-казак чек арасындагы бажы тартиптеринин жеңилдетилиши Өзбекстандын базарларындагы баанын төмөндөшүнө алып келет деген ойдо:

- Мен өзбек-казак чек арасынан өзүм өтүп келдим. Адамдар Казакстандан азык-түлүк гана эмес, турмуш-тиричиликке керектүү техниканы дагы алып кирип жатышат. Албетте, бул өзбек базарларындагы, өзгөчө Ташкенттеги баалардын түшүшүнө алып келет. Өзбекстанда Жаңы жыл алдында азык-түлүк кымбаттаган. Казакстанда болсо тамак-аш азыгы менен тиричилик техникасы 30 пайызга чейин, айрым товарлар 50 пайызга чейин арзан. Бул биздин базарлардагы баага сөзсүз таасирин тийгизет.

Өзбекстанда баасы 10 доллардан ашык турган, кошуна өлкөлөрдөн алынып келинген күнүмдүк керектелүүчү товарлардан бажы салыгын алуу 2009-жылы июнда киргизилген. Ага чейин баасы 25 доллардан ашык товарлардан гана бажы салыгы алынчу. Мындай жол менен өкмөт ички керектөөчү базарды коргоого аракет кылган.

Кыргыз-өзбек чек арасынан баасы 10 доллардан ашык турган товарды бажы салыгысыз алып кирүү сунушун өткөн жылы декабрда Ташкентте Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков да сунуштаган. Анда Өзбекстандын соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Адхам Икрамов 10 долларлык чектөөнү алып салуу кыргыз-өзбек чек арасында "челнок бизнесинин" жайылып кетишине алып келерин айтып, макул болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG