Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Тажикстан: Исламчыл партиянын ишмери токмок жеди


Сайфуллозода Хикматулло сабалгандан кийин ооруканада.
Сайфуллозода Хикматулло сабалгандан кийин ооруканада.

Тажикстанда оппозициядагы “Нажот” гезитинин баш редактору жана Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Хикматулло Сайфуллозода белгисиз адамдардан катуу токмок жеди. Окуя боюнча али кылмыш иши козголо элек.

Бул окуядан кийин оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы өкмөттү өз элин жээрип, жарандардын укугун тебелеп жатат деп айыптады. Партиянын билдирүүсүндө коррупция, авторитардык башкаруу демократияга жана улуттук биримдикке шек келтирип жатканы айтылган.

Ал эми бийликтеги Элдик демократиялык партия оппозициянын дооматын четке кагуу менен өлкөдө иштеп жаткан сегиз саясий партия, эркин басма сөз бар болгонун белгилөөдө.

Президент Эмомали Рахмондун партиясынын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Усмон Салихов (Солехов) “Азаттыкка” курган маегинде оппозициячыл активисттин жана журналисттин сабалышы тууралуу буларды айтты:

- Биз көйгөйлөрдү зордук-зомбулук, коркутуу жана кысым жасоо жолу менен чечүүнү айыптайбыз. Өзгөчө сөз исламчыл партиянын басылмасын жетектеген саясатчы жөнүндө жүрүп жаткан кезде. Биз мындай нерсе болгонуна абдан өкүнөбүз.

Сабоонун артында ким турат?

Тажикстандын тергөө органдары журналистке жана оппозиция активистине жасалган кол салуунун себептери жана мунун артында кимдер турганы боюнча азырынча өз версиясын айта элек.

Байкоочулар окуяны токмок жеген адамдын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышууда. Дүйшөмбү шаарындагы “Азия Плюс” маалымат агенттигинин редактору Марат Мамадшаев мындай дейт:

- Сайфуллозода бизге маселен анын акчасын уурдап кетишпегенин айтты. Андыктан менен бул кадимки иш, бейбаштык деп айтпайм. Менимче бул саясий мүнөздөгү иш деп айтууга көбүрөөк негиз бардай. Сайфуллозода акыркы кездери эксперт катары, партиянын өкүлү катары да өз көз карашын дембе-дем билдирип жүргөн. Ур-токмок эртең менен ишке ашырылганын эске алсак да, бул адамдардын алдын-ала планы болгон.

Оппозициячыл “Нажот” гезитинин баш редактору жана Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Хикматулло Сайфуллозода 7-февралда эртең менен өз үйүнөн алыс эмес жерде токмоктолгон. Дарыгерлердин айтымында, бети-башы катуу запкы жеп, мээси чайкалган.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймудин Дустов “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, бул иш боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эртелик кылган күндө деле токмок жеген адамдын кесиптик ишмердиги башкы версия катары каралууда жана кылмыш иштин бети ачыларына үмүт аз:

- Тергөө аяктай элек болгондуктан тигил же бул версиянын үстөмдүк кылары жөнүндө айтуу эртелик кылат. Кандай болгон күндө да тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек. Бирок менимче башкы версия – анын редакторлук жана партиялык ишмердиги. Дүйшөмбүдө адамдардын көбү мына ушул версияга ыктап жатышат. Бул кылмыш иштин бети ачыларына үмүт абдан эле аз. Анткени бул жакшы пландалган жана коркутуп коюу акциясы болгондой.

Тергөө демекчи Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги “Азаттыкка” 11-февралга карата кол салуу факты боюнча кылмыш иши козголо электигин билдиришти. Тартип коргоо органдары мунун жүйөсүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электиги менен түшүндүрүшкөн.

АКШ элчилиги айыптады

Редакторго жана саясий партиянын активистине жасалган кол салууну өзү билдирүүсүндө АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги да айыптады. Америкалык тарап тажик өкмөтүн кол салуу боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүгө жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырган.

Өкүлү токмок жеген Ислам кайра жаралуу партиясы 1992-97-жылкы жарандык согушта өкмөт каршы күчтөрдүн башында турган, азыр партия тажик парламентинде эки гана орунга ээ.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG