Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

«Элдин балдары...» - уу-дуу кептин бутасы


Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... “Азаттык үналгысы". TKy. 2.04.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... “Азаттык үналгысы". TKy. 2.04.2011.

Кыргызстандагы интернеттик коомдук тармактарда «элдин балдарына» шилтеме кылган азил кептер таркалууда. Сиз да буга кызыктуу мисал кезиктирдиӊиз беле?

Айрым ата-энелер, чынында да, тарбиялык маанайда «элдин балдары (кыздары) минтишет экен, сен качан ошентесиӊ?» деп айтып калышат. Азыркы жаштар бул сыяктуу кептерге жылмая кайрылышып, мындайча варианттарды сунушташты:

ЭЛДИН БАЛДАРЫ…

* * * * * * *

Элдин балдары машинаны айдай турган күбөлүктү жөн эле сатып алышат экен, сен эминеге эле убакыт коротуп атасыӊ?

* * * * * * *

Элдин сендей балдары эмитен эле ата-энесин неберелүү кылышты, сен жүрөсүӊ дөлдүрөп эч кызга сөз айтпай.

* * * * * * *

Элдин балдары ОРТ тапшыруу үчүн китепканага чапкылап окуп жүрөт, сен эле камаарабай уюкфонду чукулап отурасыӊ.

* * * * * * *

Элдин балдары акчаны самандай таап келет экен, сен эмгиче жол киреге тыйын сурайсыӊ.

* * * * * * *

Элдин балдары эл аралык конкурстарда жүрөт, сен эле футбол көрүүдөн бошобой койдуӊ.

ЭЛДИН КЫЗДАРЫ...

* * * * * *

Элдин кыздары сендей маалында камыр жайып тандырга нан жапчу, а сен дүкөндөн нан сатып келгенден эринесиӊ.

* * * * * * *

Элдин кыздары кесме жасаганды эчак эле билип алыптыр, сен картөшкө да аарчый албайсыӊ.

* * * * * * *

Элдин кыздары тайманбай ырдап берет экен, сен жада калса «Кара жорго» бийлегиӊ келбейт!

* * * * * * *

Элдин кыздары кээде төркүлөп турат экен, сен эле бизге жолобой койдуӊ.

* * * * * * *

Элдин кыздары төркүнүнө анда-санда келет экен, сен эле күн алыс жетип келе каласыӊ.

* * * * * * *

Элдин кыздары ата-энесинин үйүн акилеп кетет экен, сен эле келип алып китептен башыӊ чыкпай отурасыӊ.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG