Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Батыш Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүнө кабатыр


Орусиялык жоокерлер Путин менен Башар Асаддны сүрөтүнүн жанында турат
Орусиялык жоокерлер Путин менен Башар Асаддны сүрөтүнүн жанында турат

Болгария менен Греция Сирияга бараткан Орусиянын учактарына өз аймактарынан учуп өтүүсүнө уруксат берүүнү токтотконун жарыялады.

Ал эми АКШ менен Германия Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүнө кабатырлануусун билдирди.

Ал эми Орусия Сирияда аскер эксперттери гана жүргөнүн айтып, тынчсызданууга негиз жок деп эсептейт.

Болгария өз аймагынан Сирияга бараткан Орусиянын аскердик-транпорттук учактарынын учуп өтүүсүнө уруксат берүүнү токтотту. Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, алар алган маалыматтар Орусия тараптын буга чейин учактардын учуусу жана жүктөрдү жеткирүүнүн максаты тууралуу берген маалыматтары боюнча шектенүүнү пайда кылууда.

Мунун алдында Греция өкмөтүнүн өкүлү Сирияны көздөй сапар алган орус учактары үчүн аба мейкиндигин ачуу маселеси мындан ары күн тартибинде турбастыгын айткан. Ага чейин АКШ Афиныдан орус учактары өтүшүнө уруксат бербөөнү суранган эле.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнстин шейшемби күнү маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Орусия Сирияда кошумча аскерлерди жана авиацияны жайгаштырып жатышы мүмкүн деген маалымат Вашингтонду да кабатыр кылууда.

- Бул Сириядагы “адам өмүрүнүн чоң жоготуусуна”, качкындардын агымынын көбөйүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошону менен бирге Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттенип жаткан коалиция менен да карама-каршылыкты жаратышы ыктымал.

Өткөн аптада жаңы далилдерге таянуу менен айрым маалымат каражаттары Сирияга орус аскерлери жөнөтүлгөнү жана бул өлкөдөгү согуштарда Орусиянын жаңы аскер техникасы пайдаланылып жатканы тууралуу жазып чыгышкан.

АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Питер Кук да Пентагондогу маалымат жыйынында Орусиянын аскер күчтөрү Сирияда бар болушу мүмкүн деген маалыматтар боюнча тынчыздануусун билдирип, бул абалды оорлотот деп баалады.

- Биз Башар Асадга карата мындан ары кандай гана колдо болбосун, ал туруксуздукка алып келиши жана тескери натыйжа бериши мүмкүн деп ойлойбуз.

Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да шаршембиде Иран менен өзөктүк программа боюнча жетишилген келишим, БУУнун жаңы демилгелери Сирия чатагын саясий жактан чечүүгө жол ачып жаткан кезде Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүн күчөткөнү бул жараянга зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эскертти.

Акыркы күндөрү чыккан президент Башар Асаддын режимин колдоо үчүн Орусия Сирияда аскердик аракетин күчөтүп жатышы мүмкүн деген маалыматтар биротоло четке кагылган да, толук тастыкталган да жок. Башар Асад Сирияда экстремисттик “Ислам мамлекети” тобу, “Аль-Каиданын” жергиликтүү бучкагы, ошондой эле Батыш мамлекеттери жана Араб өлкөлөрү колдоп келе жаткан Сирия деморатиялык оппозициясы менен согушуп келүүдө. Ошондуктан орус аскерлери Сирияга “Ислам мамлекети” террордук тобу менен гана эмес, оппозицияга каршы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жөнөтүлүп жаткан жокпу деген күмөн саноолор жаралууда.

Буга чейин сириялык жана батыш маалымат каражаттары Башар Асаддын көзөмөлүндөгү Латакия провинциясындагы уруштарда орус аскерлери “көзгө чалдыкканын” жазган. Латакияда Сирия армиясы жихадчылар менен эмес, сириялык козголоңчулардын “Жейш ал-Фатх” деп аталган күчтүү бирикмеси менен согушуп жатканы маалым. Чалгынчылык менен алектенген ыктыярчылар социалдык тармактарда жарыяланган тасмаларды жана сүрөттөрдү көрүп чыгып, Орусиянын аскер кемелери Сирияга Крым жарым аралынан жөнөтүлгөн деген тыянакка келишүүдө. Алардын оюнча, аскерлер 20 жана 26-августта, ошондой эле 2-сентябрда жөнөтүлгөн. Иликтөөнүн авторлорунун бири Руслан Левиевдин айтымында, бул азырынча кыйыр түрдөгү ​далилдер:

- Биз ал аскерлер Севастополдогу 13140 деген аскер бөлүгүнөн жөнөтүлгөнүн тактадык. Алардын баары ушул бөлүктөн. Алар кемеге ушул жерден салынганын сүрөттөр далилдеп турат. Кемеге түшкөн аскерлер тартылган сүрөткө караганда жана Сирияга үч жолу кеме жөнөтүлгөнүн эске алганда жок эле дегенде 300-400 адам жиберилген деп айтсак болот.

Бул маалыматтарды Орус Тышкы иштер министрлиги шаршембиде расмий комментарийлеп, орусиялык эксперттер Сирияда жүргөнүн бышыктады. Министрликтин маалымат катчысы Мария Захарова 9-сентябрда билдиргендей, адистер Орусиядан барган аскердик техниканы өздөштүрүүгө жардам беришүүдө. Москва курал-жарак террорчуларга каршы күрөшкө жардам иретинде жиберилип жатканын ырастоодо.

Тышкы мекеменин өкүлү ошондой эле АКШнын Греция менен Болгариядан өз аба мейкиндиктерин Сирияга бараткан орусиялык учактар үчүн жабуу өтүнүчүн сындады.

Ал ортодо интернетке Кара Деңизден Босфор аркылуу Сирия тарапка бараткан курал-жарак жүктөгөн орус кемелеринин, ошондой эле Сириянын Тартус порт шаарындагы орус аскерлеринин улам жаңы сүрөттөрү жарыяланууда.

Тартуста негизи Орусиянын Аскер-деңиз флотунун материалдык-техникалык пункту бар. Анда орус аскерлери 1971-жылкы эки тараптуу келишимдин негизинде жайгаштырылган.

Өткөн жума күнү президент Владимир Путин Москва Дамаскка беш-жети жыл мурда түзүлгөн келишимдин алкагында гана аскерий жардам көрсөтүп жатканын айткан.

Ошол эле кезде “Орусиянын “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы операцияларга катышуу мүмкүндүгү тууралуу сөз кылуу али эрте”, -деди Путин.

XS
SM
MD
LG