Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

"Новичок" британ жаранынын өмүрүн алды


Эки британ жараны эс-учун жоготкон абалда Эймсбери шаарындагы дал ушул үйдө табылган.
Эки британ жараны эс-учун жоготкон абалда Эймсбери шаарындагы дал ушул үйдө табылган.

Англияда "Новичок" химиялык затына ууланган аял ооруканада каза тапты. Дон Стёрджестин өлүмүнөн кийин британ полициясы "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө ишин баштады. Стёрджес жана аны менен чогуу жашаган Чарли Роули мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга кол салууда колдонулган уулуу затка кандайча кабылганы так айтыла элек.

Британ дарыгерлери "Новичок" химиялык затына ууланган 44 жаштагы Дон Стёрджестин өмүрүн сактап кала алышкан жок.

Эймсбери шаарынын тургуну, үч баланын энеси Стёрджес жекшембинин кечинде Солсбери шаарындагы ооруканада каза болгонун британ полициясы кабарлап, бул окуя боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Стёрджес менен кошо ууланган 45 жаштагы Чарли Роули да оор абалда.

- Солсбери райондук ооруканасынын кызматкерлери Донду сактап калуу үчүн жан үрөп иштешти. Биздин кызматкерлер таланттуу жана ишине берилген кесипкөй адамдар. Алар да кайгырып турушат. Алар колдон келгенин кылышты. Биз оор абалда жаткан экинчи адамды дарылоону улантып жатабыз, - деди Солсберидеги оорукананын башчысы Кристин Бланшард.

Британ полициясы "Новичоктон" массалык уулануу коркунучу жокко эсе экенин билдирип, ошентсе да элди чоочун объектерден оолак болууга чакырды.
Британ полициясы "Новичоктон" массалык уулануу коркунучу жокко эсе экенин билдирип, ошентсе да элди чоочун объектерден оолак болууга чакырды.

Стёрджес жана аны менен чогуу жашаган Роули эс-учун жоготкон абалда 30-июнда Эймсбери шаарындагы үйдө табылган.

Бул шаар март айында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия ууландырылган Солсбери шаарынан 20 чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан.

Скрипалдар бир нече аптага созулган дарылануу курсунан кийин кайра эсине келип, айыгып чыгышкан.

Британ полициясы бул эки окуяга тең кезинде Советтер Союзунда жасалган "Новичок" химиялык заты себеп болгонун ырастаганы менен британ жарандары кандай шартта ууланганын так айта элек.

- Полиция бул эки адам нерв системасын сенек кылуучу затка кандайча кабылганын дале иликтеп жатат. Азырынча кандайдыр бир корутунду чыгаргыбыз келбейт. Полицияда бир нече теория бар. Бирок биз полицияга өз ишин аткарууга убакыт беришибиз керек, - деп билдирди Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид.

Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.
Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.

Британ премьер-министри Тереза Мэй "Новичоктун" курмандыгына айланган Дон Стёрджестин жакындарына "Твиттер" аркылуу көңүл айтып, бул окуяны үрөй учурарлык деп мүнөздөдү. Британиянын террорчулукка каршы атайын мекемеси уулануунун артында турган адамдарды табууга белсенип турганын билдирди.

Расмий Лондон март айында мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууланышына байланыштуу Кремлди айыптап, 23 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Скрипалдарга кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун белгилеген Орусия да жооп катары 23 британ дипломатын өз аймагынан чыгарууну чечкен.

Эми "Новичокко" ууланган эки британ жаранынын окуясы орус-британ мамилесинде кандай кесепеттерге алып келери азырынча так белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG