Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:48

БРИКС өнүктүрүү банкын түзөт


БРИКСтин лидерлери Дурбандагы саммитте. Түштүк Африка, 27-март, 2013
БРИКСтин лидерлери Дурбандагы саммитте. Түштүк Африка, 27-март, 2013

15-июлда Бразилиянын Форталеза шаарында БРИКС мамлекеттеринин алтынчы жылдык жыйыны ачылды.

Үч күндүк жыйында экономикасы ылдам өнүгүп бараткан алты өлкө өнүктүрүү жана резервдик банк түзүү жөнүндө келишимге кол коюшат деп боолгонууда. Жаңы эки банк Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна атаандаш болору да айтылууда.

БРИКС (BRICS) уюмуна Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет.

Бул өлкөлөр ушу тапта эл аралык насыяны Дүйнөлүк банктан жана Эл аралык валюта фондунан алат. Чоң инфраструктуралык долбоорлорду же экономиканы стабилдештирүү үчүн кредит берчү аталган эки банк тең Вашингтондо жайгашкан.

Бразилиянын президенти Дилма Русеф БРИКС өлкөлөрүнүн өнүгүү банкын түзүү зарылдыгын “дүйнөнүн эң чоң саналган беш өлкөсү 21- кылымдын ортосунда кандайдыр бир көз карандылыкта боло албайт” деп түшүндүрдү:

- Биз саммитте алты мүчөлүү БРИКСтин келечегин, жаңы өнүгүү банкын жана жаңы резервдик банк түзүүнү талкууладык.

Русеф мындай билдирүүнү 13-июнда Бразилиа шаарында президент Владимир Путин менен кездешүүдөн кийинки маалымат жыйында жасады.

БРИКС өлкөлөрүндө дүйнө элинин 40% жашайт жана 2013-жылы дүйнөлүк дүң жыйымдын төрттөн бири өндүрүлгөн.

Лондондук эксперт Луиза Тиллиндин “Азаттык” радиосуна мурда айтканына караганда, БРИКС өлкөлөрү жаңы банкты тең орток долбоорлорду өз ара инвестициялоо максатында түзүп жатышат:

- Анын бир себеби: Бразилия, Кытай, Индия, Түштүк Африка сыяктуу өлкөлөрдө эл аралык финансы мекемелерин ачык кылуу же демократиялаштыруу талаптары бар. 2012-жылы БРИКСтин Нью-Делидеги жыйынында БРИКС өлкөлөрү биринчи жолу Түштүк-Түштүк кредиттөөсүн же глобалдуу түштүктөгү өлкөлөр ортосунда кредит берүү үчүн көп тараптуу өнүгүү банкын түзүү идеясын сүйлөшкөн.

Өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү инфраструктуралык долбоорлорду каржылоочу жаңы банктын капиталы оболу 50 миллиард доллар болсо, болочокто 100 миллиард долларга жеткирилет. БРИКСтин резервдик банкынын финансылык кризис маалында пайдаланылчу кору 100 млрд. доллар болот. Ал акчанын 41 млрд. долларын Кытай, 5 млрд. каражатты Түштүк Африка берип, калган үч өлкө 18 млрд. доллардан кошот.

Азырынча жаңы банктын кандай башкарылары аныктала элек. Баш кеңсесинин орду да талкууланууда. Талапкер шаарлар катары Шанхай, Москва жана Нью-Дели аталууда.

Беш өлкө ортосунда банкты башкарууда теңчилик принциби кандай сакталары да белгисиз. Айрым өлкөлөр арасында талаштуу маселелер да бар. Мисалы, Кытайдын экономикасы Түштүк Африканыкынан 24 эсе чоң болгондуктан, насыя бөлүштүрүүдө эки өлкө кандай добушка ээ болору аныктала элек. Индия менен Кытайдын чек ара талашы бар. “Файнэншл Таймс” гезитинин жазышынча, азыр коңшу эки держава ортосунда деңиздеги үстөмдүк үчүн стратегиялык күрөш жүрүүдө. Бээжин менен Исламабаддын мамилеси жакшы болсо, Нью-Дели менен Исламабаддын алкасы начар. Индия тибеттиктердин руханий көсөмү Далай Ламага башпаанек берген.

Путиндин ИТАР-ТАСС агенттигине айтышынча, ал Форталезадагы саммитте БРИКСтин лидерлеринен АКШнын санкцияларына чогуу каршылык көрсөтүүнү талап кылат. Москва Крымды басып алып, Украинанын чыгышында жикчилдердин баш көтөрүшүн шыкактагандан кийин АКШ жана Евробиримдик бул окуяларга түздөн түз тиешеси бар орусиялык кызмат адамдарына жана компанияларга санкция жарыялаган. Ал эми БРИКС өлкөлөрү Орусияны ачык сындаган эмес.

XS
SM
MD
LG