Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

02:43 23.1.2022

Ташиев иликтөөдө айтылгандарды четке какты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Атайын кызматтын жетекчиси "өзү жана жакындары эч качан элдин акчасын уурдабаганын" белгилеп, Temirov LIVE каналында чыккан иликтөөдөгү Байгазы Матисаков тууралуу мындай деди:

"Ал эми КПКнын ("Кыргыз Петролеум Компани") 2021-жылдын башынан бери жетекчиcи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот. Атасы жаш кезинде көз жумган, өз күчү менен Орусиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экенин элдин баары жакшы билет".

02:48 23.1.2022

Текебаев: мага да бир кезде атайлап маңзат салып коюшкан

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, журналисттердин оозун жабуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Саясий ишмер ошондой эле өз башынан өткөн «матрешка-гейт» окуясын да эске салды:

«Бир кезде, 2006-жылы мага да атайылап маңзат салып кетишкен. Ал иш «матрешка-гейт» деген ат менен белгилүү. Мага оңдой берди болуп аэропорттогу камераларга кантип менин чемоданыма салып жатышканы түшүп калган. Ошол кезде эркин Жогорку Кеңеш баарын ачык көрсөткөн. Андан тышкары Польша соту муну "жасалма жана оппозициячыл саясатчыны куугунтуктоо" деп тапкан. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров анда депутаттар эле, ал окуяны жакшы билишет» - деген Текебаев бийликти эскилердин каталарын кайталабоого чакырды.

02:50 23.1.2022

Мирлан Самыйкожо: Темиров террорчу эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо иликтөөчү журналист Болот Темировду "каракчыны" кармагандай кылып күч органдарынын алып кетишин аша чапкандык" деп атады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Коомго чукул коркунуч жарата турган кылмыш жасоо аракетине далили болсо жоон топ күч менен кармашса макул дейт элек. Эми кандай болгон күндө дагы бул иш тыкыр иликтениши керек. Эгер, сөз эркиндигине кысым боло турган болсо бул кашкайган ката! Сөз эркиндигин чектейбиз дегендер өз эркиндигине залалы тийип калганын тарых тастыктап келет...", - деди депутат

10:33 23.1.2022

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда Бишкекте басма сөз жыйын өткөрүүдө. Анда иликтөөчү журналист Болот Темировдун материалында айтылган маалыматтар боюнча комментарий берип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG