Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

16:38 23.1.2022

Ош шаарында журналисттер жана активисттер Темировду колдогон акция өткөрдү. Алар Темировдун кармалышын “саясий буйрук” деп аташты.

Акцияга 30га жакын жергиликтүү журналисттер жана активисттер катышты. Баары бир ооздон журналисттерге карата куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

Журналист Ыдырыс Исаков Темировдун кармалышын анын акыркы иликтөөсү менен байланыштырды.

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

“Нормалдуу өлкөдө иликтөө чыккандан кийин иликтөөнүн башкы каарманы болгон адам дароо иштен алынышы керек. Ал президент болсо дагы кызматынан четтеши керек. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Кайсы бир жетекчи жөнүндө иликтөө жарыяланса, ага унчукпай коюшат. Бул журналисттер үчүн эң жакшысы болуп калды. Болбосо өзүңө каршы күч колдонулат”, - деди Исаков.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочу Асылбек Кунгуров соңку окуяларды “сөз эркиндигине басым” деп атады. Ошондой эле анын кармалышында күмөн жараткан жагдайлар бар экенин айтты.

“Коомдо күмөн пайда болуп калды, эмне үчүн иликтөө чыккан соң ошого тиешелүү адамдар реакция берген жок? Эмне үчүн Темировду кармап, ызы-чуу болгондон кийин басма сөз жыйын берип актанып жатышат? Бийлик журналисттер болобу, жарандар болобу шектенүүнү коюп жатканда эл ишене тургандай далилдер жана жагдайлар менен бекемдеш керек”, - деди Кунгуров.


Жарандык активист Кубанычбек Жусанов журналисттин кармалышы “саясий буйрук” деген пикирде.

“Бул өтө жаман көрүнүш. Себеп дегенде, ИИМ өзүнүн бетине көө жапты да. Азыр бизде ушундай тенденция пайда болуп калды, фейктердин жана троллдордун жардамы менен адамды каралап коюш оңой. Ошол себептен мен муну атайын саясий буйрук деп эсептейм”.

Дагы бир журналист Шахрух Саипов кесиптешинин кармалышы боюнча төмөндүгүдөй пикирин айтты.

“Түнү менен террористти кармаган сыяктуу спецназ менен барып журналистти кармап алып кетүү, маңзат менен кармоо бул - Кыргызстан үчүн шерменделик. Андан соң УКМКнын башчысы "Фейсбук" аркылуу маалымат таратты. Бул кимдин буйругу экени ачык-айкын болуп калды. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”, - деди ал.

Темиров жана анын командасы бир нече күн мурда "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган болчу.


22-январдын кечинде анын кеңсесинде тинтүү жүрүп, журналистти 23-январга караган түнү кармап кетишкен. Ошондой эле команданын техникалык жабдууларын алышкан. Күч органдары аны жана төкмө акын Болот Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын билдиришти. Ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.

Учурда Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен кое берилди. Ал эми Назаров 48 саатка камакка алынганы белгилүү болду. Бишкекте да журналист менен акынды колдогон акция уюштурулду.

15:10 23.1.2022

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына байланыштуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына комментарий жазды. Анда мамлекет башчы Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турарын айткан.

"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалганына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар", - деп жазган президент.

Садыр Жапаров журналист, аткаминер же жөнөкөй жаран болбосун мыйзам баарына бирдей экенин айткан. Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналындагы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталган соңку иликтөө боюнча пикирин билдирип "Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели” деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык", - деп жазды.

14:38 23.1.2022

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды. Бул тууралуу 23-январда адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзам боюнча, кармалган адамдын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы, Свердлов райондук соту тергөөчүнүн кармоо тууралуу чечиминин мыйзамдуулугун карагандан кийин ал эркиндикке чыгарылары айтылууда.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Ташиевдин айтымында, Темиров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалды.

Адвокат Токтакунов Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Төкмө акын Назаров соцтармактарда ырлары аркылуу азыркы бийликти катуу сындап келгени белгилүү.


14:31 23.1.2022

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

"Байыркы Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн дарга асылган, кийинки Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн Сибирге сүргүнгө айдалган. Бүгүнкү Болот Назаровдун кармалышы дагы акындык чыгармачылыгына байланыштуу деп эсептейм. Көп жылдардан бери акындар, анын ичинде Назаров дагы коомдук, жарандык, акындык пикирин калыс, акыйкат айтып келген. Токтогулдарды дарга асып, сүргүнгө айдагандардын азыр дайыны жок, аларды тааныбайбыз. Бирок Токтогул түбөлүк сакталып калды. Акаев доорунда, Бакиев мезгилинде, Атамбаев учурунда дагы акындар тарабынан ачуу сындар айтылган. Бирок акындарды, ошонун чыгармачылыгына шылтоо кылып, акыйкат сөзүн токтотуш, коркутуш үчүн башка шылтоолорду негиз кылып камап жатканы 30 жылда биринчи болуп жатат. Акынды камаган бийликтин келечеги жок болот, акындын эркиндигин чектеген бийлик эртеңки күнү болбой калышы мумкүн. Болот Назаровду бошотуп, ишти тергей берсин", - деди Болгонбаев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG