Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

11:21 23.1.2022

Ташиев: "Бир тууган иним Шайырбек Ташиев келерки аптада депутаттык мандатын тапшырат. Мага анын саясатта туруп жардамынын кереги жок. Мен ага айттым, ал макул болду. Бир үйдөн бир эле саясатчы жетет".

11:10 23.1.2022

"Байгазы Матисаков КПКнын директору. Ал 2020 жылы декабрда дайындалган. Ал менин жээним. Эжемдин уулу. Атасы мектепте жүргөндө каза болуп калган. Орусияда окуган. Ичпейт, тартпайт, намаз окуйт, кайрымдуулук кылат. Ал саясатчы эмес, өндүрүшчү. Жалал-Абаддын баары билет. Ал компанияны кирешесин көтөрдү. Эмнеси жаман? Компаниянын кирешеси азайса, кызматтан алабыз. Мен уялбайм. Ушундай мамлекетке пайда келтирген адамгерчиликтүү адамдар бар", - деди Ташиев.

11:04 23.1.2022

Ташиев: "Болот Назаров деген комузчу жигит чогуу иштейт экен. Бул бала дайыма баңгизат колдонот экен. Бурбулятор менен колдонот экен. Таза эмес, химиялык жол менен жасалат, натыйжасын көбөйтөт. Бишкекте жаш балдар көбөйүп жатат ушундай колдонгон. Азыр Ооганстандан "чарас" деген зат келип жатат, метоморфин деген бар. Муну жаштар колдонуп жатат. Фактылар көбөйүүдө. Назаровдун үстүнөн бир-эки адам арыз жазат. Ошол кеңседен алып чыгып, "Назаров таратып жатат" деген маалымат чыгып жатат. Укук коргоо органдары аны карабай кое албайт. Алар карап жатканда журналисттер көбөйүп, шоу болуп кетти. Бул адаттагы кылмыш, ошонун негизинде кармалды. Болот Назаров менен жанындагы кыздын канынан баңгизат чыккан. Алар дайыма пайдаланып жаткан. Болот Темировдун канынан баңгизат чыккан жок. Бул бизди кубандырат. Экинчиден, жазасын жеңилдетет. Болотту камабай, сыртка чыгарып иликтөө жүргүзсө болот. Муну соттор чечет. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Буга УКМКнын эч тиешеси жок. Альфанын тиешеси жок. ИИМ ишти мыйзам чегинде жүргүзүп жатат. Айыптары далилденбесе, мыйзам чегинде чыгат".

10:53 23.1.2022

"20 жыл саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле "эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың" деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Ошондуктан бул каналдын бул иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз", - деди УКМК төрагасы Ташиев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG