Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
Temirov LIVE каналынын журналисттеринин Бишкектеги кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын кеңсесине 22-январда саат 19:15терде киргенин айтты. Бул окуя боюнча тартип коргоо органдарынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардан жооп алып берүүгө аракеттенет.
Чыгарылыштар
-
Февраль 02, 2025
Жалал-Абад: Болочок чемпиондорду таптаган мектеп
-
Январь 31, 2025
Орусиянын армиясы Покровскиге чабуулун күчөттү
-
Январь 31, 2025
“Эне” спектакли - ата-эне, бала үчүн сабак
-
Январь 31, 2025
Украина: Одесса облусу дрон чабуулуна кабылды
-
Январь 30, 2025
Газанын келечеги кандай болот?
-
Январь 30, 2025
Кыргыз циркиндеги "саясий цирк"