Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
Temirov LIVE каналынын журналисттеринин Бишкектеги кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын кеңсесине 22-январда саат 19:15терде киргенин айтты. Бул окуя боюнча тартип коргоо органдарынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардан жооп алып берүүгө аракеттенет.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 20, 2026Харассмент: Кыздарга асылган агайлар
-
Март 19, 2026Камчыбек Ташиевдин саясаттагы орду кандай болот?
-
Март 19, 2026Камчыбек Ташиев милицияда сурак берди
-
Март 19, 2026Ташиев милицияда беш сааттай сурак берди
-
Март 19, 2026Иран Катардагы газ комплексине сокку урду