Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

21:42 7.10.2020

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кармалды

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктады. Анын айтымында, учурда Матраимов Өзбекстанда жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Аны менен кошо бир нече жакын тууганы болгону кабарланууда. Маалыматтарда алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзам өткөндө колго түшкөн.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун бири Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган "Мекеним Кыргызстан" партиясын Матраимовдор алып чыккан. Добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

21:40 7.10.2020

Абдылдаев депутаттар Матраимов менен Жээнбеков Садыр Жапаровду колдоп ишеним кат бергенин ырастады

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу бүгүн Абдылдаев Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып бышыктаган.

Сурабалдиева "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган видеосунда ал “Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун ишеним кат бергени чынбы? Ошол кат сизде барбы?”- деген суроосуна Абдылдаев “Ооба, менде бар” - деп жооп бергенин көрүүгө болот. Бул маалыматты жыйынга катышкан бир нече депутат "Азаттыкка" ырасташты.

"Президентке импичмент жарыялоо маселеси сунушталса карайбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө депутаттардын бири “Талант Мамытов менен Өмүрбек Бакиров бир катар эл өкүлдөрүн Садыр Жапаровду колдобосоңор үйүңөргө барабыз деп коркутуп жатат” - деп айтты.

Учурда депутаттар парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана президентке импичмент жарыялоону кеңешип жатышат.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер баш аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү ээлеп алган. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Андан бери өлкөнү мыйзамдык талаага кайтаруу үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү айтылган. 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштаганын жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.

20:58 7.10.2020

Парламент кезексиз жыйынга чогулууга аракет кылууда

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулууга аракет кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин 30га жакын депутат парламенттин бир бөлүгү спикер катары шайлаганын жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев менен жолугушту. Жолугушууда парламенттин толук кандуу кезексиз жыйынын чакыруу, анын жүрүшүндө легитимдүү өкмөт башчыны бекитүүнүн жол-жобосу талкууланган.

Нурбаев элдик ишенимдеги өкмөттүн башчысын шайлоо ачык-айкын өтүшү керектигин айтууда. Учурда Абдылдаев башка депутаттар менен кеңешүү үчүн кетти.

“Бардык аймактарда башаламандык орун алып, тараптар өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып жатышат. Ушундай кыйын мезгилде өлкөбүз кризистен алып чыга турган башчыга муктаж болуп турабыз. Депутаттарды тез арада чогулууга чакырат элем. Мыйзамдуу талаага кайтып келишибиз керек. Өлкөбүздү сактап калалы”, - деди Нурбаев.

Ал ортодо Өкмөт үйүнүн имаратында бир нече партиянын мүчөлөрү жана активисттер жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө парламентте чукул жыйынга чогулуп, өкмөттү куроого чакырышты. Бул жыйында партиялардын жана жаштардын атынан премьер-министрликке талапкер катары активист Тилек Токтогазиевди сунуштоону чечишти.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

20:57 7.10.2020

Токаев менен Мирзиёев Кыргызстандагы окуяларды талкуулады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча пикир алышты. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, алар казак-өзбек мамилесинен сырткары аймактагы окуялар боюнча пикир алмашкан. Анда коңшу өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандагы кырдаал Конституциянын негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG