Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

19:00 7.10.2020

Стамалиева: Президент Бишкекте

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте. Бул маалыматты анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында президент бул күндөрү эч жакка кеткен эмес.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

18:08 7.10.2020

Равшан Жээнбеков: Саясатчылар акылына келбесе, өлкө бандиттик топтордун колуна түшөт

Кыргызстандагы жаш-кары, аркы өйүз, берки өйүздөгү саясатчылар, саясий топтор акылына келбесе, Кыргызстан бандиттик топтордун колуна түшөт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 7-октябрь күнү «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.

Ал бардык тараптарды мыйзам жолуна түшүүгө чакырды:

«Азыркы күндө парламентти чогултуп, алар аркылуу мыйзам жолуна түшөбүз. Парламент убактылуу өкмөттү, өкмөт башчыны шайлап берип, мыйзамдуу жолго түшүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бардык депутаттар жыйынга келип, убактылуу өкмөттү бекитип беришиңер керек. Учурдагы кырдаалды колдон чыгарып жиберсек, абал өтө начарлап кетет».

Равшан Жээнбеков бул жолу мурунку март, апрель окуяларынан айырмаланып, бүгүнкү күнү коомдо салмактуу, сыйлуу саясий күчтөр жок экенин белгиледи.

«Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун сунушталышына нааразы саясий күчтөр, люстрацияны талап кылган жана башка жаштар кыймылдары 7-октябрда кайрадан "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышты. Алар Жапаров баштаган саясатчылар 5-6-октябрдагы каршылык акцияларынын утуштарын эски күчтөрдүн кызыкчылыгына пайдаланып жатышат, Жээнбековдор менен Матраимовдордун кызыкчылыгына ойноп атышат деп жатышат.

Садыр Жапаров өзүн мыйзамдуу өкмөт башчымын деп билдирди.

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат.

Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурган Равшан Жээнбековду 5-октябрдын түнүндө митингге чыккандар башка камакта отурган башка саясатчылар менен чогуу бошотушкан. (

18:07 7.10.2020

Мадумаров: Садыр Жапаров адилетсиз күчтөргө курал болуп жатат

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан сегиз партиядан турган Координациялык кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөнүн тааныбайт. Мадумаров мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын 7-октябрдагы чыгарылышында билдирди:

«Садыр мырза шашпаса болмок, 2-3 саясий күчүн аркасы менен премьер-министр боло калам дегени туура эмес. Анын акыркы кадамдары артында ишеничтүү күчтөр турганынан күмөн жаратып жатат. Ал сырттагы кандайдыр бир күчтөргө куурчак болуп берип жатат. «Адилеттик» деп кыйкырып жүрүп, кайра өздөрү ошол адилетсиз күчтөргө курал болуп берип жатканына жол болсун!»

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат.

Ал арада Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «легитимдүү өкмөт башчымын» деп жарыялады.

Аны колдобогон саясий топтор жана жаштар кыймылдары 7-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, өздөрүнүн талапкерлерин сунуш кылышты. Каршы тарап Садыр Жапаровду «Жээнбековдор менен Матраимовдордун кландары менен жең ичинен сүйлөшүп алды» деп күнөөлөп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

17:55 7.10.2020

Рыскулбеков: Жапаров Жээнбековдордун, Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган

Жарандык активист, люстрациянын жактоочусу Эркин Рыскулбеков мындай пикирин бүгүн, 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.

Ал 6-октябрда Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан учурда «Достук» мейманканасында болгонун айтты: «Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар координациялык кеңеш түзүп, кырдаалды талкуулап жаткан учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин кечээки «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери болгон депутаттар өкмөт башчылыкка көрсөтүштү. Ал жерде 61 депутат катышты деп айтылганы менен, аз эле депутат отурду. Ишеним каттар деп атышты, бирок андай шектүү ишеним каттарды мен көргөн жокмун. Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган».

Ушул тапта өкмөт үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге ким чыккан-чыкпаганын териштиришүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG