Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Билл Гейтс: микрочиптерге тиешем жок


Билл Гейтс менингитке каршы вакциналарды көрсөтүп жатат. Женева. 17-май, 2011-жыл.
Билл Гейтс менингитке каршы вакциналарды көрсөтүп жатат. Женева. 17-май, 2011-жыл.

Америкалык миллиардер жана "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс учурда социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан имиштерди четке какты. Пандемия башталганы "коронавирустан вакцина жасоо менен адамдарга микрочип киргизилет экен, мунун артында Гейтс турат" деген имиштер таркап кеткен.

"Мен эч качан эч бир микрочиптерге тиешем болгон эмес. Муну четке кагыш да кыйын, анткени мындай нерсе акылга сыйбайт",-деди ал өткөн жумада журналисттер менен телефон аркылуу өткөргөн басма сөз жыйынында.

Өткөн айда Орусиянын мамлекеттик телеканалы Гейтсти адамдарга микрочип орнотуу аракети үчүн айыптаган программаны даярдаган. Ал тууралуу орус басылмалары жазып чыгышкан. Бирок обого чыгарган жок.

Гейтс бир нече жыл мурда эле пандемия коркунучу бар экенин эскертип келген. Ал эми анын фонду COVID-19га каршы күрөшкө жана вакцина ойлоп табууга 300 миллион доллар бөлдү. Мына ушул кадамдарынан улам айрым оңчул топтор жана эксперттер январь айында эле ар кандай жалган маалыматтарды тарката башташкан.

XS
SM
MD
LG