Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Евразиядагы жаңы «кытай шаар» Беларуста болот


Беларустагы кытай жумушчулары, 14-июнь, 2012.
Беларустагы кытай жумушчулары, 14-июнь, 2012.

Беларус Кытай менен Минскинин сыртында беш миллиард доллардык өнөр-жай паркын курганы жатат. Беларус өкмөтү муну экономикалык кризистен сууруп чыгуучу эки тарапка тең пайдалуу долбоор катары сүрөөнгө алууда. Бирок жергиликтүү тургундар арасында каршы маанай күч.

Кытай баш калаа Минскинин сыртындагы токойдо масштабдуу өнөр-жай борборун куруу планы боюнча ишин улантууда. Беш миллиард доллардык өндүрүш хабы электроника, учак, дары-дармек, биотехнологияга адистешет.

Маркетинг кагаздарында «Евразиядагы жаңы эл аралык шаар» деп көкөлөтө макталган паркта изилдөө борборлору, жыйын залдары, эс алуу тилкелери, турак-жайлар курулуп, 155 миң кишинин иштеп, жашашына ылайыкташтырылмакчы.

Кытай менен Беларус бийликтери келечек комплести «уникалдуу долбоор» деп баалашкан. Аны менен Кытай Европанын так улагасында алгачкы өндүрүш базасына ээ болот, ал эми Беларуста терең кризистеги экономикага канын суюлтуп, жан киргизет. Курулуш иштери декабрда башталууга тийиш.

Кытайдын Беларустагы элчиси Гоң Жиан бул паркты жомоктогу алп кара куштун уясына салыштырып, «андан дүйнөдөгү бардык ишкана, бардык элдер пайда көрөт» деп ырастады.

Бирок Беларус тургундары өздөрүн ал элдердин арасынан таба албай жаткан кез.

Биринчиден, парктын көлөмү. Парк Минскинин чыгыш кыйырында 80 чарчы чакырым жерди ээлейт. Көптөгөн шаар тургундары «босогобузда кытайдын шаары пайда болот» деп ичкендери аш эмес.

Экинчиден, парк курула турган жерлерди Беларустун атактуу чер токойлору каптап турат. Калың карагайдын арасында миңдеген дачалар жайгашкан, Минск шаарын таза суу менен камсыздаган суу сактагыч да ушул жерде. Мында жай айларында шаардыктар сууга түшүп, эс алышат.

Жергиликтүү дача биримдигинин мүчөсү Аксана Зелянейская жаңы комплекс бул аймактын тамтыгын чыгарып, жаратылышын талкалайт деп ишенет:

– Дача ээлери бул паркты каалабайт. Минскинин айланасында башка таза жер калган жок. Шаардын кыйраканы чыгат. Муну өкмөт өкүлдөрү деле билет, бирок айткандан коркушат.

Өкмөт да, кытайлар да кой үстүндө торгой жумурткалаган турмуш болот деген менен, парк куруш үчүн көп үйлөрдү сүздүрүп салууга туура келет. Ал эми үйлөрү бузулбай кала тургандар таза суудан кур калышат. Үйлөрүн сатып кетели дегендер бар, бирок мындай хабдан жердин көркү бузулат деген чочулоодон улам былтыртан бери турак-жайдын баасы кескин төмөндөп кетти.

Дача ээси Анжела азыртадан эле токойлор кыйыла баштаганын айтат:

- Биздин дача токойдо. Токой биздин байлыгыбыз. Биз аны коргошубуз керек. Жазда келсек, бактарды кыйып, устундарды додолотуп жыйып коюшуптур. Бул башталышы гана, булар тыным алдырбайт, көрөсүңөр. Күндө аз дегенде бир миң киши келген Пятровицкий суу сактагычын да жок кылышат.

Парктын биринчи баскычы 2020-жылы, экинчи баскычы андан он жылдан кийин бүтөт деп пландалган. Долбоорду ишке ашырып жаткан ишкананын 60 пайызы Кытайга, калган 40ы Беларуска тийешелүү. Беларус Бажы биримдигине киргендиктен, Кытай Минск хабында өндүрүлгөн товарларын бул биримдиктеги Орусия менен Казакстанда бажы салыгысыз арзан сата алат.

Ал арада Беларустун президенти Александр Лукашенко Кытайдан кайтып келди. Ал жакында Кытай менен машина жасоочу завод курулаарын жарыялады. Бул ишкана Орусия менен башка пост-советтик жумурияттарга сатыла турган Кытайдын Гиили деп аталган жеңил машиналарын жасайт экен.

Кытай Кыргызстанда да үч миллиард долларлык Гидро-электр бекеттерин курууну пландап жатат. Бул өлкө бизде биринчи кезекте эл аралык банктар колдогон инфраструктуралык долбоорлорду, жол курулушун, электр өткөргүч линияларын каржылап жатат. Ошол эле убакта он миңдеген адамдар жан баккан Борбор Азияадагы эң ири Дордой базары кытайлык арзан товарлардын эсебинен канат жайганы маалым.

XS
SM
MD
LG