Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 19, 2026Бишкектеги мектеп: "Балам "Ф" класста 4-нөөмөттө окуйт"
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 15, 2026Кыргызстандан башпаанек сурап, Орусиядан корккон украин активисти
-
Сентябрь 14, 2026Абактагы дарыгердин кесиптештери бийликке кайрылды
-
Сентябрь 11, 2026Сурабалдиева: "Саясатта аял-эркек эмес, чечкиндүүлүк деген нерсе бар"
-
Сентябрь 10, 2026"75чилер иши": Бишкек сотунун "таң калтырган" чечими