Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Июнь 02, 2026Кыргызстандын криптосаясаты жана Батыштын "кара тизмеси"
-
Июнь 02, 2026“75чилердин каты”: Сот ишти ачык кароону четке какты
-
Май 29, 2026ЕАЭБ: Санарип доорундагы жасалма интеллектин жарышы
-
Май 29, 2026Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт
-
Май 28, 2026“Биздин ишибизге тыштан бут тосуу аракети болууда”
-
Май 28, 2026Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду