Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Синин сапары: Орусия-Кытай кызматташтыгынын "жаңы доору"


Кытайдын төрагасы Си менен Орусиянын президенти Путин Москвада, 21-март, 2023-жыл.
Кытайдын төрагасы Си менен Орусиянын президенти Путин Москвада, 21-март, 2023-жыл.

Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Орусияга мамилекеттик сапары аяктады. Си Орусия Украинага согуш ачкандан бери биринчи жолу Москвага барды. Авторитардык эки лидер бир катар стратегиялык документтерге кол коюп, кызматташтыктын "жаңы доору" башталганын жарыялашты. Украинадагы урушка келгенде Си Кытай жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү колдой турганын айтты.

Бээжиндин "Синьхуа" мамлекеттик маалымат агенттиги Кытай Орусия менен соода-сатык, инвестиция, логистика, энергетика жана инновация тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин жарыялады. Эки лидер стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу эки макулдашууга кол коюшту.

Аналитиктер белгилегендей, экономикалык жана саясий жактан алганда Москва Бээжинден көбүрөөк көз каранды болуп баратат. Мындай жагдайда Кытай чоң коңшусуна колдоо көрсөтүүдөн качпайт.

Сингапурдун Улуттук университетинин политологу Ян Чонгдун "Кытай тынчтыктын арачысы деген имиджин сактап калгысы келет. Андыктан Бээжин Орусияны кайсы бир учурга чейин колдоого даярдай таасир калтырат" - дегинин "Немис толкуну" агенттиги жазды.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө Путин "Бээжин сунуштаган тынчтык планынын "көптөгөн жоболору Орусиянын көз карашына үндөш келерин" айтты. - Батыш менен Киев буга даяр болгондо тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн негиз катары алынышы мүмкүн деп эсептейбиз", - деди Путин.

Ал "Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча тез арада кайра баштагысы келерин" да белгиледи.

Бээжин февралда Украинадагы урушту токтотуунун 12 пункттан турган тынчтык планын сунуш кылган. Бирок көптөгөн эксперттер, Батыштын расмийлери да ага салкын карап, Кытайдын Орусияга жан тарткан мамилеси сезилип турарын белгилешкен.

"Украина маселесин жөнгө салууда БУУнун принциптерине таянып, объективдүү жана калыс позицияда турганыбызды белгилегим келет. Биз жарашууга жана сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жигердүү аракет кылуудабыз" - деди Си Кремлдеги сапары маалында.

Эксперттер Бээжиндин тынчтыктын арачысы болуу аракетин Кытайдын "эл аралык таасирин бекемдөө" кадамы катары да баалашат. Кытай лидери канчалык аракет кылбасын, Бээжин согуштун аякташына кызыкдар эмес деген ойдогулар да бар. Кытай үчүн оболу Орусияда Путиндин режиминин турганы маанилүү.

"Гаага сотунун чечиминен кийинки жолугушуу"

Кытай лидери Си Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Путинди кармоо ордерин чыгаргандан кийин Кремлге келген алгачкы лидер болду. Москвада Си менен Путин эки күн бою жолугушуп, кызматташтыктын ар кыл багыттарын талкуулашты.

Дүйшөмбүдөгү алгачкы бейформал жолугушууда орус лидери Украинадагы согушту токтотуу боюнча Бээжиндин сунушун кылдат талдап чыкканын билдирген.

"Биз Украинадагы терең кризисти жөнгө салуу боюнча сиздин сунуштарыңызды кылдаттык менен талдап чыктык. Албетте, бизде бул маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк болот. Сүйлөшүүлөр процессине ар дайым ачык экенибизди жакшы билесиз. Бул маселелерди, анын ичинде сиздердин сунуштарды талкуулайбыз", - деди Путин.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков дүйшөмбүдө эки лидер Украинадагы кырдаалды талкуулаганын айтканы менен анын мазмуну белгисиз бойдон калды.

Эки апта мурун Бээжинде 3-бийлик мөөнөтүнө киришкен Си Цзинпин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоодо орусиялыктар Путинди колдоруна ишене турганын билдирди. Бирок буга чейин Путиндин дагы бир мөөнөткө барар-барбасы ачык айтылган эмес.

"Урматтуу президент Путин, сизди ар дайым ардактуу досум деп айтам. Сиздин мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырууңузду кубануу менен кабыл алдым. Эки ири коңшу мамлекет бири-бирин тышкы дипломатиядагы эң маанилүү өнөктөш катары карайт. Кытай ар дайым көз карандысыз тышкы саясат жүргүзөт. Орусия менен мамилени тыгыз өнүктүрүү — Кытайдын стратегиялык тандоосу", - деди кытай лидери.

Украинадагы согушта Кытайдын ролу кандай болору арызынча белгисиз болуп турат.

Кремлдеги жолугушуу, Кытайга сынды күчөттүбү?

Батыш, анын ичинен АКШ Украинада уруш уланып атканда Си менен Путиндин жолугушуусуна тыкыр көз салууда. Анткени Бээжин Москваны курал-жарак менен камсыздайт деген кооптонуу чоң.

Вашингтон Кытайдын лидерин Кремлде Путинди Украинанын эгемендигин урматтап, урушту аяктоого чакырууга үндөдү.

АКШнын Улуттук Коопсуздук мекемесинин өкүлү Жон Кирби мындай деди:

"Прездиент Си президент Путинге Украинанын шаарларын, ооруканалар менен мектептерин бомбалоону токтотууга, согуш кылмыштарын жана мыкаачылыкты токтотууга, өз армиясын чыгарып кетүүгө басым жасайт деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле биз Кытай ок атышууну токтотууга гана үндөп, аны менен орус күчтөрү эгемен Украинанын аймагында кала берет деп тынчсызданабыз. Орус армиясы Украинанын аймагынан чыгып кетмейинче ок атышуунун токтогону иш жүзүндө Орусиянын басып алган жерлерин ратификациялап бермекчи".

Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да Си менен Путиндин жолугушуулары боюнча пикирин билдирди.

"Былтыр февралда Орусия Украинага басып киргенден бир нече апта мурун президент Си менен президент Путин Бээжинде жолугуп, өз ара мөөнөтсүз өнөктөштүк тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Кытай менен Орусия аскердик жактан, чогуу машыгууларды, жерде жана абада бирге күзөттөрдү өткөрүп, экономикалык, ошондой эле саясий жана дипломатиялык артыкчылыкты күчөтүүдө. Москвадагы жолугушуу – Кытай менен Орусиянын улам күчтөнүп бараткан кызматташтыгынын далили".

Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун улук илимий кызматкери Александр Габуев Би-БиСиге курган маегинде Си менен Путиндин согуш боюнча эмне деп сүйлөшкөнү ачык айтылбай турганын айткан. Ошол эле учурда Кытайдын Украинадагы кырдаал боюнча мамилесине мындай баа берди:

"Кытай үчүн фронттун чеги каяктан өтүп жатканы, Бахмутта кимдин желеги желбиреп турганы маанилүү эмес. Алар үчүн согуш Орусиядагы азыркы режимдин кыйрап, Москвада Батышка ыктаган демократиялык бийликтин орношун каалабайт. Азырынча мындай көрүнүштүн орун алышынын ыктымалдуулугу аз болгондуктан, Бээжин үчүн кандайдыр бир батыл кыймылга баруунун кажети жок".

Быйыл февралда Бээжин 12 пункттан турган "тынчтык формуласын" сунуш кылгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын лидери менен бетме-бет сүйлөшүүгө кызыкдар экенин айткан. Азырынча Киев Си Цзинпиндин Москва сапары боюнча үн ката элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG