Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Байден - Путин сүйлөшүүсү, мунаса табуу аракети


Путин, Байден жана Зеленский. Коллаж.
Путин, Байден жана Зеленский. Коллаж.

АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Бул 10-январда Женевада өтчү америка-орус сүйлөшүүлөрүнүн алдында күн тартибин толуктоого байланыштуу экени кабарланды. Анда өзөктүк куралдануу жана Украинанын айланасындагы кырдаал каралат.

"Чоң жолугушуулардын" алдындагы сүйлөшүү

АКШ президенти Жо Байдендин жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин 30-декабрдагы телефон сүйлөшүүсү бул жолу Москванын демилгеси менен өткөнү турат. Буга чейинки сүйлөшүү Вашингтондун сунушу менен болгон. Женевада 10-январда АКШ менен Орусиянын лидерлери Украинага жакын жерде орус аскерлеринин топтолушу жана Москванын НАТОдон коопсуздук кепилдигин алуу талабына байланыштуу чыңалууну жөнгө салуу жолдорун издейт.

Алдыдагы жолугушуунун күн тартибин аныктоодо Кремл АКШга карата сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин кеңейтип, шарттарын көтөрүп жатканы айтылды.

Одессадагы Эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Владимир Дубовик сүйлөшүүлөрдүн мүнөзүн коюлган шарттарды кабыл алуунун татаалдыгы менен түшүндүрдү:

"Москва ага маселени тез чечүү керектигин бекемдөөдө. Вашингтон болсо олуттуу жана узак сүйлөшүүлөргө көбүрөөк ыктайт. Москва “биздин коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарыбыз кабыл алынарын күтөбүз” деп айтып жатат. Батыш ага макул эмес. Бул сүйлөшүүлөр узакка созулушу же өтө эле кыска болуп калышы да мүмкүн. Москва "макул, силер биздин сунуштарды кабыл албагандан кийин анда биз кетебиз, сүйлөшө турган сөз жок” деши мүмкүн. Сценарий чындап эле ушундай болуп калышы ыктымал. Путин маселени чечүү үчүн аскердик-техникалык ыкманы колдонууга барышы да күтүлөт. Бирок, чыңалган кырдаалды жөнгө салууда кандайдыр бир мунаса табуу керек деп ойлойм", - деди Владимир Дубовик.

Женевада 10-январда америкалык-орусиялык түз сүйлөшүүлөрдө Байден менен Путин эки тараптуу дипломатиялык мамилени, өзөктүк куралданууну көзөмөлдөөнү жана Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулай турганы алдын ала макулдашылып бекитилген.

АКШ Киевдин башын аттабайт

Вашингтон тирешти дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин жарыялаган. Москва дагы тынчтыкты сактоо маанилүү экенин айтып келет.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Владимир Дубовик түз сүйлөшүүлөрдө эки жактуу мунаса табуудан тышкары Киевдин кызыкчылыгын эске алуу абдан маанилүү экенин белгиледи:

"Вашингтон Киев менен турумун макулдашып жатат. Вашингтон менен Москванын буга чейинки бардык байланыштарынын алдында Вашингтон Киев менен тиешелүү сүйлөшүүлөрү болгон. Ошентип, "Украинасыз Украина жөнүндө эч нерсе болбойт" деген дал ушул принципти аткарууга жетишилет. Ал эми 10-январда Женевада, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал талкууланчу аянтта украин өкүлдөрү болбогону менен, Вашингтон позициясын Киев менен макулдашат. Албетте, Донбасс тууралуу сөз болот. Анткени ал орус-украин тирешинин чордону. АКШ дагы Донбасс тууралуу көптөн бери айтып келет. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөр сунуштар алдын ала даяр дегенди билдирбейт. Москва менен Вашингтон өз алдынча буга чейин макулдашты дегенди билдирбейт".

Жаңы жылдан кийинки каз-катар жолугушуулар

Орусиялык-америкалык сүйлөшүүлөрдөн соң 12-январда Орусия менен НАТОнун өзүнчө сүйлөшүүлөрү күтүлөт.

НАТО - Орусия кеңешинин бул жолку саммитинде Европадагы коопсуздук маселеси каралат. Ошону менен катар эле эртеси Орусия, АКШ жана анын союздаштары кирген ЕККУнун кезектеги жыйыны 13-январда өтөт.

Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын күн тартибин бекитүүнүн алдында Владимир Путин Жо Байденден дагы бир жолу телефондон сүйлөшүүнү суранганы белгилүү болду.

Бул дүйнөлүк эки лидердин бир айдын ичинде - декабрь айындагы экинчи жолку телефон аркылуу сүйлөшүүсү болот.

Жо Байден ушул айдын башында Владимир Путинге орус аскерлери Украинага кол салса, анын "оор кесепеттери" болорун эскерткен.

АКШ менен Орусиянын лидерлеринин соңку сүйлөшүүсүнөн кийин Кремл АКШга жана НАТОго Альянстын чыгышка карай кеңейүүсүн чектей турган коопсуздук кепилдиктерин талап кыларын жарыялады. Ал НАТОну бир кезде СССРдин курамына кирген Украина жана Грузия сыяктуу жаңы мүчө-мамлекеттерди кабыл албоого үндөдү.

Владимир Путин 26-декабрда мамлекеттик телеканалга курган маегинде эгер Батыш коюлган талаптарды аткарбаса, анда маселени чечүүнүн башка жолдору караларын айткан. Бирок ал кандай жолдор же ыкмалар экенин тактаган эмес.

XS
SM
MD
LG