Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Баткен: талкаланган мечит, чачылган өрүк

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөнүн билдирген. Үйлөрдөн тышкары социалдык обьектилер да талкаланып, өрттөнгөн. Көк-Таш - Тамдык жолундагы 36 метрлик көпүрө жардырылган. Кандуу кагылышта чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашкан жаран, азырынча үйлөрүнө кайта элек.

19-сентябрда ​Кыргызстан 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго аза күттү. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандан 59 адам мерт болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшусун "куралдуу агрессияга" айыптаса, Дүйшөмбү дагы ушундай мүнөздөгү билдирүү жасады. Тажикстандын ТИМи 19-сентябрда 41 жараны каза болгонун расмий билдирип, бирок алардын канчоо аскерлер, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.


Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Айбек Бийбосунов

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

 

XS
SM
MD
LG