Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселесине байланыштуу чыккан куралдуу жаңжалга толук бир жыл толду. Бул жаңжал бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүн сестенткен. Андан бери кырдаал жумшарды деп айтуу кыйын. Тараптар коопсуздукту сактоо, курал колдонбоо тууралуу бир нече ирет макулдашканы менен ок атышуу менен коштолгон чыр-чатактар катталууда.
Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан эки өлкө ортосундагы чек ара жаңжалынын кесепети оор болду. 2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Жүздөгөн турак жана соода жайлары, социалдык объектилер талкаланды.
Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кайрылуу жасады.
“2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү, тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды! Ошол каргашалуу күндөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет. Бирок бул башка түшкөн оор сыноо элибиздин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөдү. Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү”,-деди президент Жапаров.
Ошондой эле ал облустун экономикасын өнүктүрүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 млн. сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет. Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат”,-деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
2021-жылдын 28-апрелинен 5-июнга чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал төмөнкү макалада:
Биз бир жылдан кийин чек ара тилкесиндеги конуштардын жашоо-турмушунан кабар алып келдик.
Мадина шаарчасындагы үшкүрүк
Карачач 24 жашында үч баласы менен жесир калды. Күйөөсү Медербек бир жыл мурун кыргыз-тажик жаңжалында окко учуп, жубайынын кош бойлуу экенин билбей кетти. Жаңжалдан кийин төрөлгөн кызга Эсманур деп ат коюшуп, азыр наристе торолуп калды.
“Апрель жакындаган сайын жаңжал эске түшөт. Боюмда бар учурда депрессия болуп аябай кыйналдым. Чоң кызым түшүнүп калган. Ал “Апа, атам качан келет? Мени алып кетем деген” деп айта берет. Мен ага үйрөтпөйм деле. Өзү сезет окшойт”, - деди Карачач Азимкан кызы.
Маркум Медербек Камчиев 2021-жылы 29-апрелде кызын бала бакчага жеткирип, кечинде алып кетем деп кеткен экен. Ошон үчүн кызы атасын эмдигиче күтүп жүрөт. Камчиев чек ара чыры тутанган “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынан окко учуп, сөөгү 30-апрелде үйүнө жеткирилген.
“Беш адам чогуу барган. Күйөөмдөн башкасы тирүү келди. Саат бирлерде аяштарым чалып, моргго 16 адамдын сөөгү келгенин айтты. Үчтө сөөгү келип, саат беште алып чыгып кетишти. Июль айында 26га толмок”.
Учурда Карачач үч баласы менен Мадина шаарчасына көчүп келип, мамлекет берген жөлөк пулга күн кечирүүдө. Колу бошой калганда тамак жасап сатат.
“Жараат алгандарды көрүп калабыз. Беш-алты айдан бери төшөктөн жаткандары “ушундан көрө өлүп калсак” болмок дешет экен. Биз колу, буту жок болсо да тирүү калса болмок дейбиз. Кыздарга ата керек да”.
Лейлектин Максат айылы 2021-жылдын 29-апрелиндеги куралдуу жаңжалдан кийин. Сүрөт баяндама:
Чек ара чырында окко учкан 36 жарандын жакындарына Баткендин четине үй курулуп, ага минометтун огунан көз жумган 12 жаштагы Мадина Рахматжан кызынын ысымы ыйгарылган. 36 үй түшкөн Мадина шаарчасынын жерин Баткен мэриясы бөлсө, калган чыгымын демөөрчүлөр көтөрдү.
Азыркы учурда шаарчага 5-6 үй-бүлө отурукташкан, көбү жалгыз бой аялдар. Алардын жашаган үйү, күйүткө толгон тагдырлары да окшош.
Нурсулуу Мажитованын кийим тигүүчү машинеси бир жылдан бери бир бүлөнүн киреше булагына айланды. Анткени, төрт кишиден турган үй-бүлөнүн кем-карчын толуктаган күйөөсү Жамшид Ганиев 2021-жылы каза болду. Ал 28-апрелде 31 жашка толуп, эртеси “Головнойдогу” атышуу учурунда башына ок тийген.
“Чоңум алтыда, кызым төрттө, эң кичүүсү бир жарым жашта. Улуусуна атасы тоого кеткенин айтканбыз. Ал болсо “атама чалам” деп телефон сурайт. Тоодон антенна тартпайт деп коюп отурабыз”.
Мадина шаарчасы Баткендин Чет-Булак жаңы конушуна курулган. Аймакта сугат суу, коомдук транспорт, мектеп жана бала бакча маселеси толук чечилген эмес. Чек арада каза болгон 36 жаранга берилген үйлөрдүн көбүнүн бош турганы да мына ушундан.
Көк-Терек: "Үч эле киши жашап жатабыз"
Үч тарабынан Тажикстан менен чектешкен Баткендеги 212 айылдын бир нечеси чек аранын өзүндө жайгашкан. 2021-жылдагы жаңжалда облус боюнча 136 үй, мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.
Бир жыл мурдагы чек ара жаңжалында Баткен районундагы Көк-Терек конушундагы үйлөр толук өрттөлүп, кыштактын күлү көккө сапырылган. Бул жер чек арадагы эң кооптуу деген айылдардын бири болуп cаналат. Көк-Терек 20га жакын гана түтүн жашаган чакан конуш жана Көк-Таш айылына жакын жайгашкан. Тегерек-четин Тажикстандын Сурх, Майский, Чорку айылдары курчап турат.
Азыркы тапта Көк-Теректин өзүндө үч үй-бүлө эле туруктуу жашап, калгандары коопсуздугунан чочулап, айылга келбей жатышканын айтышты. Анын үстүнө жергиликтүү тургундар жаңы салынган үйлөргө да жакшы көнө элек.
“Мени кошкондо үч эле киши жашап жатат", - деди айыл тургуну Зайнидин Ташполотов.
Биз андан башкалар эмнеге көчүп келбей жатканын сурадык.
"Шарт жок. Чатырдан ысык тартат. Үйдүн ичинде отуруп болбойт. Тердеп кетесиң. Кышында болсо өтө кыйын экен. Күнүгө бир кап көмүр кетет”, - деди ал.
Жусупбек Маматов күндүз Көк-Теректе жашап, кеч киргенде айылдан чыгып кетет экен. Анын айтымында, чек ара такталып, маселе толук чечилбесе, чакан кыштакта жай турмуштун жанданышы кыйын.
“Эл жакшы эле отурукташайын дейт. Бирок кооптуу болуп жатат. Өткөндө Лейлекте чыр чыкты. Биз дароо качып чыктык. Ушундай болгонуна көп болду. Көбү келбей жатат. Бул эки үйдүн жашоочулары башка бирөөнүкүндө жашап атышат. Менин балдарым деле башка айылда квартирант”.
Көк-Терек айылы Төрт-Көчө деп таанылган талаштуу тилкеге жакын жайгашкан. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Раззаков жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.
Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыккан маалда тажик тарап Төрт-Көчөнү жаап, Лейлек району менен түз байланышты үзүп койгон учурлар кездешкен. Бир жыл мурдагы кыргыз-тажик жаңжалында дагы Төрт-Көчө бир нече жолу жабылып, облус тургундары бир райондон экинчисине өтө албай калган.
Көк-Таш - чыр-чатак көп катталган тилке
Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектеш жайгашып, чек арадагы жаңжалдардын көбү ушул тилкеде катталат. Эки өлкөнүн жол куруу, суу, жайыт, жер маселесинде позициялары дагы дал келбей жүргөн тилке.
Бир жыл мурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында тутанган.
“Головной” Көк-Таштан башталат. Бул жер кетсе, анда Баткен суусуз калат. Мындан тышкары Лейлек, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрү анклавда калып кетет. Айыл ошол үчүн маанилүү”, - дейт Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоев.
Мындан тышкары Көк-Таштын өзүндөгү үйлөр дагы бир кылка эмес, кыргыз-тажик жарандары аралаш жашап, кээ бир учурда бир жолду колдонуп, бир арыктан суу алат. Көк-Таштын өйдө жагында Ак-Сай айылы, андан кийин Тажикстандын Ворух анклавы жайгашкан.
Ушундай жагдайлардан улам чек арадагы чырдын көбү Көк-Ташта башталып, башка айылдарда уланып кетүүдө.
Өткөн жылдын 28-29-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышка “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайындагы электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаганы себеп болгон. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Эки тараптан тең жергиликтүү тургундар аралашып, чыр тутанып кеткен. Андан ары Баткен жана Лейлек райондоруна жайылып, аскер техникалары да тартылган.
Достук айылы - чек арада маанилүү тилке
Баткен шаары менен чек арадагы Достук айылынын аралыгы 20 эле чакырым. Бирок жайгашкан абалы боюнча чек ара тилкесиндеги эң маанилүү аймак катары саналат. Айылга бара турган жолдун абалы өтө начар болгондуктан, ага жетиш үчүн бир сааттай убакыт кетет. Достук менен Тажикстандын Төрт-Кыштак айылын Ак-Суу дарыясы гана бөлүп турат. Бул жерди жергиликтүү тургундар "Суу бою Кара-Бак" деп аташат.
Бир жыл мурдагы жаңжалда Достукта аскердик оор техникадан ок атылып, катуу кармаш жүргөн. Жыйынтыгында айылдан он үй өрттөлүп, тургундар чоң чыгым тартты.
Айыл тургуну Саитбурхан Жапаров эки күндүн биринде Баткен шаарына каттап, өкмөт эсептеген компенсацияны ала албай жатат. Анын үйү менен чогуу курулуш материалдары, болгон оокаты күйүп кеткен. Атайын түзүлгөн комиссия бул үй-бүлөнүн чыгымын 4,5 млн.сом деп эсептеген.
“Бул маселе президент Садыр Жапаровго жетпей атабы? Бул жагы биз үчүн караңгы. Чыгымды төлөп беребиз дейт. Бирок бербей атышат. Биздин талабыбыз ушул эле. Калган нерсени өзүбүз куруп алабыз. Ал эми үйдү куруп бергендерине рахмат”, - деди Саитбурхан Жапаров.
2021-жылдын 3-июнунда Ак-Сай, Достук айылдарында тартылган сүрөттөр:
Баткен облусунун бийлиги былтыркы чек ара жаңжалында Кыргызстан 1 млрд. 351 млн. сом чыгым тартканын билдирүүдө. Анын 361 млн. сому Баткен районуна туш келсе, Лейлектин жашоочулары 990 млн. сом зыянга учураган.
Бир жыл мурдагы жаңжалда Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтү 543 млн. сом чыгым тартып, 62 соода жана кызмат көрсөтүү жайы талкаланган. Алардын көбү Арка айылында жайгашкан.
Соодагерлердин ар бири эң аз дегенде 1 млн. сом чыгым тартканын айтып келет. Бирок аларга 200 миң сомдон көп акча бериле элек. Облус бийлиги компенсация берүү үчүн бюджеттен 84 млн. сом бөлүнгөнүн, акча мыйзам чегинде таратылып жатканын билдирди.
“84 млн. сом келип түшкөн. Учурда компенсация берилип атат. Алардын суммасы ар кандай. 276 тургун жалпы 232 млн. сом алды. Анын тартиби кандай? Акча актыга карап берилет. Эгер зыяндар мыйзамдуу аныкталса, анда жарандын банктык эсебине акча которулат”, - деди президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков.
Мындан тышкары атайын эсеп ачылып, ага элден 122 млн. 402 миң сом келип түшкөн. Анын 73 млн. сому 2021-жылы сарпталса, быйыл 15 млн. сом Баткенди кайра калыбына келтирүүгө жумшалган. Азыркы учурда эл чогулткан акчадан 33 млн. 121 миң сом калган.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы эсепчиси Гыламидин Эркебаев элден чогулган акчанын эсеби боюнча буларды айтты:
“Жапа чеккен айылдардагы социалдык обьектилерди курууга кетти. Жаңжалда жараат алгандарга компенсация берилди. Мындан тышкары окуучулардын эс алуусуна дагы акча бөлүнгөн. Быйыл болсо беш социалдык имараттын курулушуна каражат каралды. Элдин акчасы элге кетип атат".
“Бүгүн талкалашса эртең кайра куруп жашай беребиз"
Лейлектин Арка өрөөнүндөгү айылдар Тажикстандын Согд облусу менен чектеш. Коңшу облустун борбору Кожент шаарына Арка айылынан 15-20 мүнөттө кирип барса болот. Былтыркы жаңжалга чейин чек арада жашаган эки өлкөнүн жарандарынын мамилеси, соода-сатыгы жакшы болгон.
Быйыл 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Алгач Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары бири-бирине ок чыгарса, андан кийин Достук айылы миномет менен аткыланды. Анын бирөө Кимжан Ниязматовдун короосуна түшкөн.
“Бүгүн талкалашса эртең кайра куруп жашай беребиз. Каякка бармак элек? Биздин жер да. Абал ушундай болуп атат. Бирок чек ара чатагы жакын арада токтобойт го”, - деди Кимжан Ниязматов.
2021-жылдын 28-29-апрелиндеги чек арадагы тиреште өрттөлүп, талкаланган үйлөр:
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган сайын Лейлек жана Баткен районундагы 10дон ашык айылдын тургундары үйүн таштай качат. Алар бир жыл мурдагы окуядан кийин качан, кайда качышты жакшы түшүнүп калды.
Максат айылынын тургуну Махмуджан Фаттаев машине айдаганды такыр үйрөнө албай койгонун айтып жатат. Баласынын айдоочулук күбөлүгү жок. Бирок үйү өрттөлгөндөргө берилген 100 миң сомго акча кошуп машине сатып алды. Анткени, чек арада чыр чыкса, айылдан жөө качып чыгуу оңой эмес.
“Мына документтерди машинеге салып коебуз. Бул жерде үйдүн документтери, паспортторубузду даярдап койгонбуз. Бир сыйра кийим алып чыгып кетебиз. Көзгө эч нерсе көрүнбөйт”, - дейт Махмуджан.
12-апрелдеги жаңжалда облустун 17 миң жараны үйүнөн качып чыкканы айтылды. Эл менен чогуу качкан Марзия Кабулова жолдошу, эки небереси менен машинеде таң атырышты.
“Машинеге төрт киши батып кетебиз. Жума сайын качып атабыз. WhatsApp карап турабыз. Жазында күн жылуу, машинеде уктап кете беребиз. Кышында эки жолу качып чыгып, мен катуу ооруп калдым”.
"Кызымды ушул жерден жетелеп чыгып, ошол бойдон көрбөдүм"
“Биздин абалыбыз өтө оор. Аябай кооптуу, айла жок жашап турабыз. Кызымды ушул жерден жетелеп чыгып, ошол бойдон көргөн жокмун. Атасы жерге берди".
Бул бир жыл мурдагы жаңжалда кызы Мадина Рахматжанованы жоготкон Нарбүү Хамдамова. Ал азыр Лейлектин Интернационал айылында жашайт. Баткендеги Мадина шаарчасына көчүп барууну ойлоно элек. Анткени, жумушу, кичүү кызынын окуусу дагы ушул жерде.
“Ок атыла баштаганда эки кызымды ээрчитип чыккам. Анан аркабызга минометтун огу келип түшкөн. Мадина ошол жерден эле жан берген. Кичүү кызымды ээрчитип кошунаныкына келгем. Ошол жерде бир сааттай отурдук”.
Мадинанын жанын алган минометтун чачырандылары Нарбүү Хамдамованын өзүнө, кичүү кызына да тийген. Экөө азыркыга чейин дарылануусун улантууда. Анын айтымында, соңку бир жылдын ичинде чек арада абал өзгөргөн жок. Бул үй-бүлө ал каргашадан бери үйүнөн бир нече жолу качып чыккан.
“Чек ара дагы эле чечиле элек. Кичүү кызым депрессия болуп атат. Өткөндөгү чырда титиреп, аябай ыйлады. Түнкүсүн үнүн чыгарбай ыйлап чыгат”.
“Элдин жалгыз маселеси эле чек ара. Ушунтип коркуп, качып жашагандан тажадык. Өзгөчө балдарга жаман болду”, - деди Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Айниса Кадыркулова.
Тажикстандын жоготуулары
Бир жыл мурунку чек ара жаңжалында Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жараат алып, 29 үй жабыркаган. Көп өтпөй куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыдан курулуп бүткөнү кабарланды.
2021-жылы 2-июлда жаңы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылганы тууралуу маалыматтар чыкты. Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттен тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл салым кошкону айтылган. Куруучулардын маалымдашынча, жаңы турак жай эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Ар бир үйгө кеминде 130 миң сомони (11394.08 доллар) сарпталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы быйыл 27-январдагы жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жазды.
Ал эми соңку 12-апрелдин кечинде болгон ок атышууда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлаган.
Чек ара жаңжалына байланыштуу соттолгондор
Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.
Кыргызстан тарап жаңжалга байланыштуу Тажикстандын эки жаранын 20 жылга эркинен ажыратты. Аларга “Тынчтыкка каршы кылмыштар”, “Мародёрлук” боюнча айып тагылган. Кыргызстандын күч органдары аларды 2021-жылы май айында кармашкан. Алар менен чогуу кыргызстандык үч жаран да колго түшкөн. Алар куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого айыпталып, 8 жарым жылдан 15 жылга чейин абакка кесилген.
Кыргызстандык үч жаранга “турак жайларды өрттөө, талап-тоноо иштеринде кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген" деген кине тагылган. Аларга Лейлектеги Борбордук, Арка жана башка айылдардагы объектилердин талкаланып, зыян келтирилгенине байланыштуу айып коюлган. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыла турганын айткан.
Тажикстанда болсо чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын бир канча жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.
"Эртерээк такташып алсак жакшы болмок"
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Өткөн аптада кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастады.
Садыр Жапаров өзүнүн билдирүүсүндө, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселеде жылыш бар экенин айтып, бирок тактоо иштери жай жүрүп жатканына токтолгон.
“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырым тилкесин такташып бүттүк. 308 чакырымы калды. Албетте, иш тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иш жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”, - деди президент.
Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон да жекшембиде Исфарадагы сапары учурунда тилкелерди тактоо иши алдыга жылганын белгиледи.
"20 жыл ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды", - деген Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин айтты.
“Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияга алдырбоо зарыл”, - деди Рахмон.
Өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу кагылыштан кийин эки тараптын чек араларды тактоо боюнча жумушчу тобу үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, акыркы алты айда жылыштар болгону кабарланган. Бирок, чек аранын кайсыл бөлүгү такталды, кайсыл участокто иш жүргөнү ачык айтыла элек. Эки тараптуу комиссия негизинен калк жашабаган аймактарда ишти дээрлик бүтүрүп, айылдардагы эл аралашып калган участоктордо жумуш уланышы керектигин билдирүүдө. Калктуу аймактарда чырга себеп болгон тактала элек тилкелер көп.
Кыргыз-тажик чек арасында акыркы сегиз жылдан бери майда-барат тирешүүлөрдүн курал колдонуу менен коштолгону көндүм көрүнүшкө айланып жатат. Быйыл жыл башынан бери эле эки жолу куралдуу жаңжал чыгып, атышуу болду. Эки тараптын макулдашууларынан кийин дагы ок атуу менен коштолгон чатактар катталды.