"Банкка кеткен инимдин сөөгү келди". Бадахшан чырдан кийин
Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда “антитеррордук аскердик операция” жүргүзгөнүнө бир айдан ашты. Интернет жарым-жартылай калыбына келтирилгени менен аймактан маалымат алуу дагы деле кыйын болууда, мамлекеттик эмес медиалардын журналисттери ал жерге өтө албайт. “Азаттыктын” тажик кызматынын – “Озоди” радиосунун кабарчылары Бадахшанга барып, жергиликтүү элди кепке тарта алды.