Фарух өткөн жылы эле Сеул жана Донецк шаарларында болгон конкурстарда III орунду жеңди. Эки ирет хореографиялык окуу жайлар арасында Алматыда болгон сынакта биринчи сыйылыкты, Омск менен Новосибирск шаарларында жеңүүчү, дагы эки жолу дипломант болгон.
Чынын айтсам, уулдарымдын менин кесибимди тандашын каалаган эмесмин. Себеби балет канчалык кыйын экенин түшүнүп калгам.
Досмат Садыркулов
17 жаштагы Фарух балетти кичинеcинен атасын ээрчип театрга барып жүрүп, сүйүп калган экен.
“Атам кичинекей кезимден эле өз бийлерин көрсөтүү үчүн мени театрга алып барчу. Ошон үчүн кичинекейимден атамды ээрчип Опера жана балет театрына барып жүрүп балетти жакшы көрүп калдым окшойт. Чоң байкем Атабек Алматыдагы балет окуу жайын бүтүп, азыр театрда атам менен чогуу бийлейт”, - деди Фарух.
Фарухтун атасы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти Досмат Садыркулов да Санкт-Петербургдагы Балет академиясын бүткөн. Эмгек сиңирген артисттин айтышынча, кенже уулу Фарух өжөрлөнүп жатып балет мектебине барган.
“Байкеси Атабек ал кезде Бишкектеги хореографиялык окуу жайда окуучу. Фарух 3-классты бүткөндө "Мен балетке барамбы же барбаймынбы?", деп сурады. "Жок, барбайсың", дедим. Атабекти да балетке бергибиз келген эмес. Эгер Фарух балетке барбаса, №4 мектепке барбасын айтты. Айла жок макул болдум. Чынын айтсам, уулдарымдын менин кесибимди тандашын каалаган эмесмин. Себеби балет канчалык кыйын экенин түшүнүп калгам”, - дейт Д. Садыркулов.
(Музыкалуу баянды бул жерден угуңуз)
Фарух романтикалык-мифологиялык балеттин фанаты. Ошон үчүн түрдүү конкурстарга катышканда “Дон Кихот”, “Диана жана Актеон”, “Корсар”, “Париждин жалыны” сыяктуу балеттердеги каармандарды бийлеген.
“Менин жакшы көргөн спектаклдерим: “Дон-Кихот” (музыкасы Минкустуку, хореографиясы Петипаныкы), “Корсар” (Адам жана Жюль Перо), “Париждин жалыны” (композитор Борис Асафьев, хореографиясы Вайнонендики ), “Диана жана Актеон” (Цезарь Пуни жана Агриппина Ваганованын хореографиясы). Менин техникама ушул балеттер жарашат. Ошон үчүн мен бул балеттердин фанатымын. Конкурстарга катышканда да ушул спектаклдерден үзүндүлөрдү аткарам.”
Фарухтун боюу өзү айткандай, анча чоң эмес болгондуктан, бийди техникалык жактан кынтыксыз аткарганга умтулат. Кабриоль же абада учуп баратып, буттарын тез-тез кайчылаштыра бийлеген анын сүйгөн техникасы. Былтыр Сеулда болгон VIII эл аралык балет конкурсунда ага үчүнчү орунду ыйгарган жюри мүчөлөрү да Фарухтун мына ушул чеберчилигин баалашкан. “Сеулдагы конкурста өзүм жакшы көргөн төрт бийдин вариациясын жана бир заманбап-модерн бийди аткардым. Боюм да кичине го... Ошон үчүн секирип аткарган бийлерди чоң техника менен аткарып, жеңишке жеткем. 1-2-орундарды кытайлар алган”.
Фарух чоң эл аралык сахнага алгач 2009-жылы февралда Берлиндеги конкурста чыгып, “Коппелия” жана “Жизел” балеттеринен вариацияларды бийлеген. "2009-жылы майда Новосибирск шаарында болгон Дүйнө элдер бийинин V эл аралык конкурсунда кандай бийлөө керек экенин билип калгам, ошондо биринчи орунду жеңгем", - дейт жаш бийчи. Ошол эле Фарухтун Донецкиде алган үчүнчү оруну биринчи орунга тете десе болот. Бул эл аралык сынакта ага Сеулдагыдай эле 500 доллар нак тапшырылган.
Фарухтун акыркы 4 жылдагы ийгилиги - атасынын үмүт менен койгон атын толук актайт деген илгери тилекке жетелейт. Досмат Садыркулов уулун эмне үчүн Фарух деп атаган?
“Мен Ленинградда окуп жүргөндө Мариинск (мурдакы Киров) театрында Фарух Рузиматов деген чоң бийчи бар эле. Ал менин кумирим болчу. Алиге аны аябай пир тутам. Биринчи уулумдун ысмын да Фарух койгом. Бирок айылдан апам келип “Элдик салтты бузба. Биринчи балаңды биз аташыбыз керек”,- деп, тун уулумдун аты Атабек болуп калган. Ошого экинчи уулум төрөлөр замат туугандар келгенче эле шашып-бушуп, Фарух деп ат коюп алганбыз”, -дейт Республиканын эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов.
Айтмакчы, улуу Садыркулов азыр Бишкекте коюлуп жаткан “Алай канышасы - Курманжан датка” балетинде Алымбек датканын, а Атабек Садыркулов Камчыбектин ролун бийлейт.
Түбү ташкендик тажик Фарух Рузиматов 1981-2007-жылдары дүйнөдөгү мыкты опера жана балет театрларынын бири эсептелген Мариинск театрында негизги ролдорду бийлейт. Андан соң эки жыл Санкт-Петербургдун Михайловский театрынын балет боюнча көркөм жетекчиси катары көрөрмандар жана адистер арасында жогору бааланган бештен ашык спектаклди койгон. Ал чет өлкөлөрдүн айрым атактуу театрларында да бийлеген. Фарух Рузиматовту АКШнын басылмалары “кылымдын алтын бийчиси” деп жазышса, англичандар аны “Бийчи леопард” деп аташкан.
Кыргыз уланы Фарух да болочокто Санкт-Петербургдун же Лондондун атактуу театрларында бийлегенди каалайт. Ал үчүн Фарух окуу программасына ылайык күнүгө кеминде 5 сааттан, ал эми репетиция күндөрү 10-11 сааттан бийдин элементтерин кайра-кайра ийине келтирет. Санкт-Петербургдун театрларында жаш бийчилерге да талап чоң.
Фарух Ваганов академиясына келип киргенче Алматыдагы А.В.Селезнов атындагы хореографиялык окуу жайда билим алат. Ал Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы окуу жайдан кетип калуу жөнүн мындай түшүндүрдү: “Бишкекте стимул жок. Окутуучулар көбүнчө аялдар. Бийге да саат аз бөлүнгөн. Вариация деген жок. Предметтер орто мектептердей эле жалпы билим берүүгө багытталган. Эркек педагогдор жок. Ошон үчүн мен Алматыга кетип калгам.”
Ваганов академиясы дүйнөдөгү башка балет мектептеринен эмнеси менен айырмаланат?
“Бул суроодо эки учурду эске тутуу керек. Нью-Йорктун же Лондондун балет мектептери өздөрүнүн пайдубалын курууда дал ушул Ваганов академиясына милдеттүү. Себеби ал мектептерди Ваганов академиясынын бүтүрүүчүлөрү же анда окуп кеткен адамдар негиздешкен. Балеттин тили универсалдуу болгону менен Ваганов академиясынын методикасы башка окуу жайлардыкынан өзгөчө. Анткени Орусияда балет бийчилерин даярдоо системасы эки жарым кылымдан ашык убакыт мурда түптөлгөндүктөн, окутуунун калыптанган өзгөчө жолу бар. Биздин метод кандайдыр бир деңгээлде балеттин француз мектебине жакын. Ошентсе да өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгү балетке өз таасирин тийгизет. Ошон үчүн балетти окутуунун жолу да ар башка”, дейт Академиянын окуу жана усулдук иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Алексей Фомкин.
Фарух болсо аларга мыкты педагогдор таалим-тарбия берерин, эркек педагогдор академияда көп экенин сыймыктана белгиледи.
А.Ваганова атындагы орус балет академиясында экс-советтик кээ бир республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары өкмөт аралык келишимге ылайык бекер окушат. Ал эми башка өлкөлөрдөн келген студенттер 9 айлык атайын курстан өтүү үчүн кеминде 15 миң доллар төлөшөт. Өкүнүчкө карай, бир жылдары кыргыз балетинин Бүбүсайра Бейшеналиева, Рейна Чокоева башындагы жылдыздары тарбияланган бул академияда азыр Фарух Садыркулов менен чогуу төрт гана кыргызстандык студент билим алууда.