Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. Оюн 21-январдан 22-январга караган түнү Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионунда өттү. Беттештин жүрүшүндө Кыргызстандын эки футболчусуна кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилди. Натыйжада кыргызстандык футболчулар толук курамда ойной алган жок.
Азия Кубогу: Кыргызстан - Сауд Арабиясынын оюну

1
Кыргызстан жана Сауд Арабия курама командаларынын оюну Ахмед бин Али стадионунда өттү.

2
Оюндун 9-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу Айзар Акматовго одоно эреже бузду деген негизде кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилди.

3
Кыргызстандык күйөрмандар.

4
35-мүнөттө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Мохаммад Кано голл киргизди.

5
Кыргызстандын курама командасы.

6
Улуттук курама команданын оюндарын көрүү үчүн Кыргызстандан Катарга 100дөн ашык күйөрман барды.

7

8
Кыргызстандык күйөрмандар.

9

10

11

12
51-мүнөттө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кими Мерк да кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгып калды. 84-мүнөттө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Фейсал Аль-Гамди голл киргизди.

13

14
Сауд Арабиясынын курама командасы.

15

16
Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. 21-январда бул тайпада Оман менен Тайланд курамасы беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Буга чейин Сауд Арабиясы Оманды 2:1 эсебинде уткан. Учурда эки оюндан кийин алты упай менен Сауд Арабиясы тайпада көч башында келатат. Тайланд курамасында төрт упай бар. Омандын энчисине бир упай тийген. Кыргызстанда азырынча упай жок.

17
Эми Кыргызстан 25-январда Оман менен беттешет.

18

19

20
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунун тайпалык оюндарындагы экинчи атаандашына утулду. Биринчи беттешинде Кыргызстан Тайланд курмасына утулган.