Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

12:33 13.7.2023

Гедмин: "Азаттык" өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин "Азаттыктын" иши боюнча Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин билдирүү таратты. 12-июлда сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

"Эл аралык коомчулуктун жапатырмак аракеттеринин жана колдоосунун жыйынтыгы менен "Азаттык" радиосу өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет", - деди Гедмин. "Бул күттүргөн чечим "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун миссиясына, принциптерине жана журналисттик стандарттарына шайкеш келет".

12:31 13.7.2023

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

"Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео "Эркин Европа/Азаттык" веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да 12-июлда билдирүү таратып, "Азаттык Медиа" мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

"Азаттык" радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланды. Уюм “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптайт.

17:14 29.4.2023

Кыргызстандагы отуздан ашуун медиа уюм “Азаттык” радиосу болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп жатканын белгилеп, анын айланасындагы соңку абалга байланыштуу бийликке кайрылуу жолдоду. 28-апрелде жарыяланган кайрылуусунда алар “кысымды жана кылмыш куугунтугун токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга” чакырышты.

Кайрылууда бир гана видеоматериал үчүн “Азаттыкты” “согушка үгүттөгөн” деп айыптоо акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканы, андай шек “жаңжалды тутандыруу идеялары атайылап, системалуу түрдө” жайылтылган учурда гана пайда болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

«“Азаттык Медиа” редакциясы андай маалымат тараткан эмес. “Настоящее время” берүүсүнүн сотто каралган материалында журналисттер болгону эки өлкөнүн расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын гана айтышкан. Мындай практика иштин кесипкөй стандарттарына шайкеш келет, мында маалымат эки тараптын тең жүйөлөрүн берүү менен чогултулат. Маданият министрлиги өзү да доо арызында “Азаттык Медиа” кыргыз тарап Тажикстандын чек ара кызматы жарыялаган маалыматты четке какканын белгилеген. Сотко өткөн материалдан тышкары 2022-жылдын 13-сентябрынан 17-сентябрына чейин “Азаттык Медианын” командасы Тажикстан менен чек арадагы кырдаалдын айланасында 50дөн ашык материал даярдап, журналисттер болуп жаткан окуя тууралуу чындыкты жеткирип турушкан. Бул контексттен алганда, иликтөө жүргүзүү жана фактыларды текшерүү боюнча кесиптик квалификациясын такай жогорулатып жаткан биздин журналисттер эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп калышты», - деп айтылды медиа уюмдардын кайрылуусунда.

Алар сот “Азаттыкты” жабуу чечимине негиздүү жүйө келтире албай койгонун белгилеп, коррупцияны ашкерелеген, мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин жогорулаткан журналисттик иликтөөлөрү, социалдык маанилүү репортаждары менен таанылган редакцияны жабуу “ансыз да чабал демократиябызды өтө маанилүү активден ажыратат” деген оюн билдиришти.

14:52 29.4.2023

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сотунун “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Бүгүн 29-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө элчилик “АКШ 25 жылдан бери көз каранды эмес маалыматтын ишенимдүү булагы болуп келе жаткан “Азаттык” боюнча сот чечими тууралуу кабарларга терең тынчсызданууда” деп белгиледи:

«“Азаттыктын” иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготушу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет. Биз “Азаттыктын” ар бир арызын калыс жана кылдат карап чыгууга чакырабыз», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG