Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Америкалык конгрессмендер беларус блогери Лосикти бошотууну талап кылышты


Игорь Лосик
Игорь Лосик

Америкалык конгрессмендер Беларус бийлигин абакта кармалып жаткан блогер, "Азаттыктын" беларус кызматынын кеңешчиси Игорь Лосик жана башка “саясий туткундарды” бошотууга чакырды. Мындай билдирүүгө АКШ Конгрессинин Адам укуктары боюнча комиссиясынын теңтөрагалары, демократ Жеймс Макговерн жана республикачы Кристофер Смит кол койгон.

Билдирүүдө: “Биз тогуз айдан бери жаш үй-бүлөсүнөн обочодо, абакта кармалып турган Игорь Лосикке карата жаңы айыптардын тагылышына терең тынчсызданып жатабыз. Биз Беларус бийлигининжазалоочу аракеттерин чагылдырган маалымат каражаттарына жалган айыптар тагылып, катаал куугунтукка алынышын айыптайбыз”, - деп айтылат.

Мурдагы "Беларус сулуу айымы" Ольга (Волха) Хижинкова Лукашенкого каршы нааразылык чарасына катышкандыгы үчүн абакка жатып, кайра эркиндикке чыккан күн. Жодзина, Беларус. 2020-жылдын 20-декабры.
Мурдагы "Беларус сулуу айымы" Ольга (Волха) Хижинкова Лукашенкого каршы нааразылык чарасына катышкандыгы үчүн абакка жатып, кайра эркиндикке чыккан күн. Жодзина, Беларус. 2020-жылдын 20-декабры.

Коомдук тартипти бузду деген негизде өткөн жылдын июнь айында кармалган 24 жаштагы Лосик Минск шаарындагы «Окрестина» тергөө абагында кармалууда.

«Amnesty International» уюму бул абакты «кыйноонун синоними» деп атаган болчу.

Буга чейин ал бир нече жолу ачкачылык жарыялаган. Өткөн аптада Лосикке карата жаңы айыптар тагылган учурда, ал кайрадан ачкачылык кармап, өз тамырын кесүүгө аракет кылганы кабарланган.

Беларуста өткөн жылдын 9-августундагы добуштар бурмаланган президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык иш-чаралары өтүп, анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалды. Бир нече активист, журналисттер кесилди.

1994-жылдан бери өкүм жүргүзүп келе жаткан Александр Лукашенко былтыр БШК тарабынан шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган.

Беларус оппозициясы менен оппозиция тарапкерлери бурмаланган жыйынтыктарды тааныбайбыз деп четке кагып келишет. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүүнү, абактагыларды дароо бошотууну талап кылууда.

Лукашенконун режими элдик ыңкылаптан кийин 2010-жылы Бишкектен качкан мурдагы президент Курманбек Бакиев менен мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго баш паана берген. Үсөнов учурда Даниил Урицкий ысымын алып, Лукашенконун колдоосу астында Минскте ишкерлик менен алектенип келет.

XS
SM
MD
LG