Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Тихановская беларустарды бийликке каршы нааразылык чарасына чыгууга чакырды


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 23-февраль, 2021-жыл.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 23-февраль, 2021-жыл.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жарандарды 25-мартта бийликке каршы нааразылык чараларын улантууга чакырды.

«Телеграм» тиркемесинде 22-февралда жарыялаган билдирүүсүндө Тихановская соңку бир нече айдан бери Александр Лукашенко «Беларуста болуп көрбөгөндөй кризис гана жаратпастан, көз карандысыз мамлекеттин башкы коркунучуна айланды», - деп жазды.

«Лукашенко Беларусту алган насыяларга жана колдоого айырбаштап, бөлүп-бөлүп сатууга даяр», - деди Тихановская. Ошол эле дүйшөмбү күнү Лукашенко орус президенти Владимир Путин менен жолуккан.

Путин былтыр августта Беларуста саясий кризис башталгандан бери Лукашенкону ырааттуу колдоп келет.

Тихановская өз тарапташтарына 25-мартта беларустар расмий эмес майрам деп саналган "Эрктүүлүк күнүн" белгилешээрин эске салды.

1918-жылы дал ушул күнү большевиктерге чейинки демократиялуу "Беларус Элдик Республикасы" түптөлгөн.

Светлана Тихановская былтыр августта өткөн шайлоодо президенттикке ат салышкан. БШК шайлоонун жеңүүчүсү катары Александр Лукашенкону жарыялаган. Оппозиция жана анын тарапташтары бурмаланган шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Тихановская көп өтпөй коопсуздук маселелеринен улам Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылып түмөндөгөн адам демонстрацияга чыгышкан. Тартип коргоочулар аларга каршы күч колдонуп, жүздөгөн адамдар кармалган, алардын көбү ур-токмокко кабылган.

Евробиримдик, АКШ, Канада жана башка мамлекеттер 66 жаштагы Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тартып келишет.

XS
SM
MD
LG