Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Мутация


Заманбап диктатордун табиятын сүрөттөөгө аракет кылган адистерди тыңдап отурсаң, ортого тири укмуш кубулма, чөйрөгө, окуяларга өтө тез ыңгайлашкан, миң жүздүү бирөө элестейт. Дүйнөгө демократиялык баалуулуктарды тараткан эл аралык уюмдар, соңку кездери дал ошол жүзүн өзгөрткөн жаңы диктаторлордун толкуну келатканына тынчсыздана башташты.

Мутация – кыскача айтканда ички же тышкы чөйрөнүн таасири астында генотиптин катуу өзгөрүшү дегенди билдирет. Мутацияга кабылган жандык көп учурда жок болуп кетет же терс көрсөткүчтөрдү жаратат. Окумуштуулардын айтымында, мутацияга кабылган жандык оң көрсөткүчтөргө ээ болгон учурлар өтө аз.

Дүйнөдөгү өзгөрүү процесстерине байкоо салган айрым Кыргызстандык талдоочулардын баамында, кээ бир саясий процесстерди так ошол мутация менен салыштырса болчудай. Маселен, авторитардык, диктатордук режимдердин заманга жараша түрлөнүп, демократиялык процесстерге тоскоол болуп жатышына “мутант диктаторлор” себепчи болууда дешет.

“Фриидом Хаус” уюмунун аткаруучу директору Женифер Виндзор, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчиси Жеффри Гедмин жана “Эркин Азия” радиосунун жетекчиси Либби Лю биргеликте жазган макалада да авторитардык өлкөлөрдүн иштөө методдорунун укмуштуудай түр алып баратканы тууралуу кеп болот. Анда Кытай, Орусия, Иран, Пакистан, Венесуэла мамлекеттери ар кыл методдорду колдонуу менен акыркы жылдары дүйнөдө демократиянын азайышына жетишишкени айтылат.

Талдоочулар белгилегендей, ири авторитардык өлкөлөр автократияны жайылтууда үчүнчү өлкөлөргө акча берүү, тымызын коркутуу, маалымат каражаттарын көзөмөлдөөдөн баштап, түрдүү инновациялык методдорду колдонушууда. Тыкыр көзөмөлдөө мүмкүн болбогон интернет айдыңында да чагымчылардын армиясы пайда болуп, талкуу жүргөн форумдарын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышууда.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Кыргызстанда деле башкаруучулар ченемсиз бийликти өздөрүнө ыйгарып, башка ири авторитардык өлкөлөр менен тил табышып кетишти. “Дегеле элдин деңгээлин эске алганда батыштагыдай демократиянын үлгүсүн курууга көп бар”,- дейт ал:

- Чоңдорду өзгөртө албай калдык азыр. Ошол себептүү бала бакчаларда, мектептерде окутуп башташ керек балдарды. Менин оюмча мобу оппозиция деле бийликке келсе авторитардык болушат. Демократия, палан-түкүн деп атышканы менен деңгээл жок буларда. Булар эски түшүнүк, баалуулук менен калгандар. Үмүт эле балдарда. Балким балдарыбыз жакшы маданиятка үйрөнүшсө, кийин өлкө бара-бара өзгөрөт. Өлкөбүзгө азыр бир жагынан абсолюттук авторитаризм коркунуч туудурса, экинчи жагынан ашынган динчилер коркунуч туудурууда. Иран сыяктуу өлкөгө айланбашыбыз керек.

Кыргызстан дүйнөдөгү эки ири аскерий держава болгон Орусия менен Кытайдын кашында турат. Серепчилердин айтымында, СССР доорунда 70 жыл бою кол алдында келгендиктенби, айтор Орусиянын таасири Борбор Азия аймагында дале күч. Азыр да ырасмий Москва мунайдан түшкөн акчанын күчү менен аймактагы таасирин сактап калууга аракет кылып, авторитардык башкаруучуларын колдоого алууда. Ошол себептүү Орусия убада кылган 2 миллиард доллар бөлүү чечими, Кыргызстанга көптөгөн шарттар астында берилген дешет.

Адистердин ишениминде, Орусия, Кытай, Иран сыяктуу авторитардык өлкөлөр үчүнчү өлкөлөргө миллиарддаган каражаттарды жардамга беришип, эл аралык коомчулуктун мамлекеттик башкаруу системаларын өркүндөтүү, коррупцияны ооздуктоо аракеттерине жолтоо болушууда.

Дүйнөлүк банктын эсептөөсүнө караганда Кытай учурда Африкага эң көп кредит берген өлкө болуп саналат. Иран менен Орусия да айлана-чөйрөсүнө мунайдан түшкөн каражаттарын коротушуп, аны менен кошо авторитаризмди экспорттошууда.

“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында, дүйнөлүк саясатта Борбор Азия сыяктуу чөлкөмдөр тууралуу сөз болгондо чоң күчтөр арасында ар дайым соодалашуулар болуп келген. Андыктан элдин активдүүлүгүн күчөтүп, айдаган жакка эле баса бербеген, өзү тандай алган коомду түзүү маанилүү:

- Чоң өлкөлөр, чоң күчтөр биздей мамлекеттердин үстүнөн соода кылып келишкен, мындан ары деле ушундай боло берет. Бүгүнкү күнү деле андай соодалашуу ачык эле байкалып турат. Маселе, биз ошол чоң күчтөрдүн ортосунда жоголуп кетебизби же алгалайбызбы – мына ушунда. Элибизге биз жаңы баалуулуктарды бергенге, өз оюубузду ачык айтканга, кызыкчылыгыбызды коргогонго даярбызбы же ички-сырткы күчтөргө багынып, алардын таасиринде жашай беребизби? Ошол себептүү авторитаризм сазынан чыгуу үчүн өзүбүздөн да көп нерсе көз каранды.

“Кансыз согуш” маалымда авторитардык мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү даана көрүнүп, каардуу режимдер кадимкидей айырмаланып турчу. Бүгүнкү күндүн диктаторлору болсо анча айырмаланбай, дүйнөлүк саясий-экономикалык уюмдарга, дүйнөлөшүү процессине аралашып кетишти. Мурдагыдай өлкөлөр арасындагы темир тосмолор, бийик дубалдар болбогону менен жаңы методдор, коркунучтар пайда болду. Андыктан ири өлкөлөрдүн соодасына, жемине айланбай турган жандуу жарандык коомдун ролу өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG